Бишкекте Көчмөндөр оюнуна катыша турган балбандар тандалат

Жазылуу
Кыргызстандын жети дубанынан келген спортчулар жети салмак категориясында күч сынашат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргыз күрөшү боюнча мамлекеттик чемпионат Бишкекте өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын маалымат кызматы билдирди. 

Турнир 25-апрелде Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлөт. Чемпионат Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна балбандарды тандоо максатында өткөрүлгөнү жатат. 

Ала-Тоо аянтына дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарынын логотиби "Ала-Тоо" аянтына жайгаштырылды
Биринчи жана экинчи орунду ээлеген спортчулар көчмөндөр оюнуна катышууга мүмкүнчүлүк алышат. 

Күч сынаш 55, 60, 66, 74, 84, 96 килограмм салмактагы балбандар арасында өтөт. Таймашка 18 жаштан жогору спортчулар катыша алышат. 

Абсолюттук салмак категориясынын жеңүүчүсү "Хан Кошой" кубогун алып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ардактуу коногу болот. 

Эске салсак, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2016-жылдын 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0