Адамдардын жүзүн өзгөрткөн жылмаюу

Жазылуу
Жылмайган адамдын жүзүнөн нур чачырап турарын байкадыңыз беле? Sputnik Кыргызстан агенттиги күлкү адамдын келбетин канчалык өзгөртөрүн көрсөтүп берүүнү чечти.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Жылмаюу адамды алты эсе сулуу көрсөтөрүн окумуштуулар далилдеген. Sputnik Кыргызстан агенттиги мындай тыянакты иш жүзүндө текшерип көрүүнү чечти. 

Сыноого катышууга окурмандар чакырылды. Алар алгач сүрдүүлүгүн көрсөтүп тартынышкандай болду. Бирок адам жылмайганда ууртунан нур чачырары заматта билинди. 

Чолпон Уламбекова, журналист: "Жылмаюу качандыр бир күнү дүйнөнү сактап калат деп ойлойм. Өзүм дагы көп жылмаям!". 

Кайрат Примбердиев, ырчы: "Айрыкча сахнада жардам берет, жашоодо дагы пайдасы чоң. Адамга 10 кадам жакындай түшөсүң". 

Юрий Погиба, аскер: "Мен көп жылмайбаган адаммын. Бирок, жылмаюу жашоону жеңилдетип тургандай". 

Марат Амираев, актер: "Жылмаюу кыйын эмес. Башкысы ал чын жүрөктөн болуусу керек". 

Наиля Камарли, модель: "Биз жылмайып турганда дүйнө жарык".

Влад Ушаков, фотограф: "Мен жылмайбайм, мен каткырам. Кубаныч ар дайым көп болушу керек!"

Нурсултан Курсанали уулу, актер: "Адамды күлдүрүү кыйын, бирок ал ишке ашса демек миссия аткарылган болот".

Элдияр Эшимбеков, юморист, актер: "Бул эң сонун курал болсо керек". 

Гүлгаакы Таалайбекова, журналист: "Бири-бирибизге ар дайым жылмаюдан тартынбоо керек".

Павел Гуляев, менеджер: "Адамдар жылмайып жүрсө, көчөдө дагы, жүрөктө дагы жылуулук пайда болот".

Эдуард Кожаров, студент: "Жөнөкөйлүк менен жылмаюу адамга көрк берип турат".

Сыноо ишке ашты! Татынакай жылмаюңуз менен айланаңызды дайыма бакытка бөлөңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0