Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочулукка тыюу салынды

Жазылуу
Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарында 1-майдан 1-июнга чейин көлмөлөрдөн балык улоого тыюу салынды.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Балыктар өрдөгөн маалда дарыяларда, көлмөлөрдө ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочулукка тыюу салынды. Бул тууралуу маалымат Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин расмий сайтында жарыяланды. 

Корук директору: браконьерлер балык эле эмес, өзүнүн, бүлөсүнүн убалын ойлобой жатат
Маалыматта айтылгандай, балык уулоочулукка тыюу салуу боюнча буйрукка Балык чарба департаментинин жетекчиси Самарбек Күчүков кол койгон. 

Анда Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарында 1-майдан 1-июнга чейин көлмөлөрдөн балык улоого тыюу салынганы айтылат. 

Ал эми Ысык-Көл облусунда чабак балыгын — 20-30-апрель аралыгында, акбалык (маринка) — 20-апрелден 15-майга чейин, лещ — 1-майдан 1-июлга чейин, сазан-карптарды — 15-майдан 15-июлга чейин улоого тыюу салынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0