НТС каналынын операторун коюп кеткен кырсык боюнча иш сотко өттү

Жазылуу
Кырсык өткөн жылдын соңунда болгон. Телеканалдын кызматкери ошол эле жерден мүрт кеткен.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бишкектеги Улуттук филармониянын жанынан видеосюжет тартып жаткан НТС телеканалынын оператору Жоомарт Асанбеков кабылган жол кырсыгы боюнча иш сотко өткөнүн ИИМ билдирди.

Кайгуул милициясы адам өмүрүн алган жол кырсыгын каттап калган видеону таратты
Эскерте кетсек, былтыркы жылдын 29-декабрында кырсык шейшемби күнү болжол менен саат 22.10до Улуттук филармониянын алдында болгон. Камерасы менен жолдун ортосунда туруп, видео тартып жаткан НТС телеканалынын операторун Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен. Андан соң түндүктөн түштүктү карай бараткан Lexus RX 300 жолго жыгылып калган жаранды тебелеп кеткен. Асанбеков алган жаракатынан ошол жерден каза болгон. 

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган. Тергөөнүн жүрүшүндө Mercedes Benz унаасынын 22 жаштагы айдоочусу жол эрежесин бузганы аныкталган. 

Учурда иликтөө иштери аяктап, бардык материалдар кийинки териштирүү үчүн сотко өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0