Москвадагы мавлид кечесине муфтий Максат ажы, Чубак ажы, Абдышүкүр Нарматов катышат

© Фото / пресс-служба ДУМКМосква шаарындагы мечиттеги мусулмандар. Архив
Москва шаарындагы мечиттеги мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мавлид кечеси Москва убактысы менен 15:00дө (Бишкек убактысы 18:00) башталат. Анда аалымдардан сырткары, кечеге акындар, ырчылардын катышуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бүгүн, 24-апрелде Москва шаарындагы Крокус Сити Холлдун концерттик залында пайгамбар Мухаммеддин (САВ) туулган айынын урматына мавлид кечеси уюштурулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Мавлид кечеси Москва убактысы менен 15:00дө (Бишкек убактысы 18:00) башталат.

"Кечеде Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов, дин аалымы Чубак ажы Жалилов, Кыргызстан ислам университетинин ректору Марс Ибраев, төкмө акындар, ырчылар катышат. Иш-чарада пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) тууралуу баяндар айтылып, сынактар өткөрүлөт", — дейт маалымат кызмат. 

Аталган кечени Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Москва шаарындагы өкүлчүлүгү уюштурууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0