РФ авиакомпаниясы согуш ардагерлери үчүн акысыз каттам уюштурат

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүү"Аэрофлот" аивакомпаниясынын учагы. Архив
Аэрофлот аивакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акция Жеңиш күнүнө арналат. Акысыз каттам 3-майдан 12-майга чейин уланат.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Россиянын "Аэрофлот" аивакомпаниясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн акысыз каттамдарды уюштура турганы жөнүндөгү маалымат компаниянын сайтында жайгаштырылган. 

Салтка айланган акция 9-май — Жеңиш күнүнө арналган. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен майыптары, Россия, КМШ, Балтика жана Грузияда жашаган фашизмдин ошол кездеги жашы жете элек туткундарына акысыз учууга укук берилет. 

Аэрофлот тарифтерди эле эмес, бардык төлөмдөрдү өз мойнуна алат. Муну менен бирге майрамдык акциянын ар бир катышуучусун коштоп жүргөн адамга да акысыз учуу укугу берилет.

Согуш ардагери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 821 катышуучусу жашайт
Советтер Союзунун баатырлары, Даңк орденинин кавалерлери үчүн Россиянын ичинде бизнес-класс жана жогорку ыңгайлуулук менен учууга шарт түзүлөт. Акциянын калган катышуучулары жана аларды коштоп жүргөндөргө аба кемесиндеги бош орундарга ылайык шарттар тартууланат.

Согуштун бардык категориядагы ардагерлери менен майыптары жана мурунку туткундары Россиянын ичиндеги бардык каттамдар боюнча жана Азербайжан, Армения, Белоруссия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Латвия, Эстония, Литва, Молдавия, Грузияга учууга мүмкүнчүлүк алышат.

"Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу" жана "Улуу Ата Мекендик согуштун майыбы" категориясындагы ардагерлерге кошумча иретинде Россия, КМШ, Балтика жана Грузиядан Европанын Болгария, Венгрия, Германия, Польша, Сербия, Хорватия, Австрия жана Чехияга акысыз каттоо укугу берилет.

Акция 3-майда башталып, 12-майга чейин уланат. Жеңилдетилген билеттерди 25-апрелден 12-майга чейин сатып алууга болот. Авиабилет бир айга чейин жарактуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0