Балдардын үй-интернаттарында 8,2 миңден ашык бала тарбияланат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБала бакчадагы тарбиялануучу. Архив
Бала бакчадагы тарбиялануучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттин камкордугуна алынган балдардын ичинен 510у тоголок жетим.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Балдардын үй-интернаттарында 8,2 миңден ашык бала жашайт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Столдогу акча каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайрымдуулук кечесинде жетим балдарга болгону 200 сом чогулду
Министрликтин райондук жана шаардык башкармалыктарынын маалыматына ылайык, өлкө аймагындагы балдар үйлөрүндө 8 265 бала жашайт.

Анын ичинен мамлекеттик үй-интернаттарда 6 миң 734 бала тарбияланса, ал эми 1 531 бала жеке, диний жана муниципалдык мекемелерде тарбия алат.

Мамлекеттин камкордугуна алынган балдардын ичинен 510 бала тоголок жетим.

Министрликтин аймактардагы башкармалыктарынын маалыматы боюнча 1-апрелге карата ата-энесинин камкордугуна ажыраган 146 бала интернаттарга жиберилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0