Күрүлдөйт, каркылдайт, бытбылдыктайт — жаныбарлар кандай үн чыгарат?

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЖылкылар. Архив
Жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздар наристе ыңаалайт, жеңелер шакылдайт, байкелер бакылдайт деп алардын кыймыл-аракетине, сүйлөгөнүнө, үн чыгарганына жараша ар кандай сыпаттоо сөздөрүн колдонуп келишет.

Бул сапар "Тибиртке" рубрикасында жаныбарлардын чыгарган үндөрүнүн кыргызча аталыштарын жазууну туура көрдүк. 

Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиевдин айтымында, кыргыз тилинде ар бир жаныбардын чыгарган үнүнө жараша өзүнүн аталышы бар. 

Алардын айрымдарын Sputnik Кыргызстан агенттиги карап чыкты. 

Бөдөнө — бытпылдыктайт
Төө — боздойт
Буура — бакырат
Жылкы — кишенейт
Уй мөөрөйт
Эшек — айкырат
Кой-эчки — маарайт
Кочкор — маарайт, мекиренет
Ит — үрөт, улуйт
Күчүк — кыңшылайт
Карышкыр — улуйт
Мышык — мыёолойт
Жылан — ышкырат
Тоок — кукулуктайт, какылыктайт
Короз кыйкырат
Жөжө — чыйпылдайт
Чымчык — чыйпылдайт
Сагызган — шакылдайт
Арстан — күрүлдөйт
Чегиртке — чырылдайт
Каз — какылдайт
Бака — чардайт
Күкүк — күкүктөйт
Коңуз — ызылдайт
Аары — ызылдайт
Карга — каркылдайт
Балапан — чырылдайт
Чөө — чуулдайт
Түлкү — үрөт
Бугу — маарайт
Бүркүт — шаңшыйт

Филологдун айтымында, башка жаныбарлардын деле кыргызча аталышы чыгарган үнүнө жараша болот. Ал эми пил, акыра, бөрсө, керик сыяктуу жаныбарлар кыргыз жергесинде болбогондуктан, алардын чыгарган үнүнүн кыргызча аталышын атоо кыйынчылык жаратарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0