ӨКМ: жер көчкү кооптуулугу күч аймактарда 3000ге чукул үй-бүлө жашайт

© пресс-служба МЧС КРСузак районундагы Алмалуу-Булак айылында жер көчкү
Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында жер көчкү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ адистери кооптуу жай катары аныктаган жерлерде жашоо өтө кооптуу экендигин байма-бай эскертүүдө.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Республика боюнча жер көчкү кооптуулугу сакталган жерлерде дагы 2952 үй-бүлө жашап жатканын ӨКМ маалымдады.

Аталган министрлик республиканын аймактарындагы жер көчкү жүрүүсү мүмкүн делген жерде жашап жаткан 4016 үй-бүлөнү аныктаган.

"Алардын ичинен 1064 үй-бүлө коопсуз жайларга көчүрүлүп, чыгарылган. Ал эми дагы 2952 үй бүлө бүгүнкү күндө ӨКМ адистеринин атайын-эскертмелерине көңүл бурбай, кооптуу аймактарда өз өмүрлөрүн тобокелге салып, жашап жатышат", — деп билдирди маалымат кызматы.

ӨКМ быйылкы жылы жер титирөөлөрдүн кайра-кайра кайталанып жатышына жана жаан-чачындын көп болгондугунан улам жер көчкүлөрдүн активдешүүсүн эскертти.

"Адистер кооптуу жай катары аныктаган жерлерде жашоо өтө кооптуу экендигин билдирет. Андыктан тез арада коопсуз жайларга чыгып кетүү зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Акыркы учурларда республикада күндүн жылышы менен жер көчкү коркунучу күч алды. 27-апрелде саат 17:50 чамасында Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында жер көчкү жүрүп, бир окуучуну басып калган. Учурда жер көчкүнүн алдында калган 2000-жылкы Урматбек уулу Эрланды издөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бүгүн саат 11.00дө Сузакта дагы 2,5 миллион куб метрлик жер көчүп, бир автоунааны басып калганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0