Россия, АКШ, Түркия — чет жактагы кыргызстандыктар тууралуу кызыктуу фактылар

Жазылуу
Учурда чет жакта жашап иштеп жаткан кыргыздар арбын. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыздар көп кездешкен аймактардагы мекендештердин өзүнө гана тиешелүү жазылбаган мыйзамдарына абай салып көрдү.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин алыскы жана жакынкы чет мамлекетке иштеп, окуп кеткендердин саны көбөйдү. Алардын басымдуу бөлүгү Россия, Казакстан, Европа, АКШ, Түркия сыяктуу мамлекеттерден орун очок алып калышкан. Бул материалда Россияда, Түркияда жана Америкада жашап жаткан мекендештер тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

Майрамгүл — Маша, Дайыргүл — Даша, Болот — Боря болгондо

Москва шаарында көп жылдардан бери иштеп жүргөн мекендешибиз Жылдыз Осмонова Москвадагы кыргыздар тууралуу кызыктуу 10 фактыны мындайча баяндайт:

  • Кечкисин KFCде (тез татым жайлары) көп кездешет;
  • 40-50 жаштагы эжелердин сөзсүз офис жууган кошумча жумуштары болот;
  • 15-20 киши болуп жашашат дегендер адашат. Ал илгери болгон;
  • Курулушта жумуш бар десең, "КИДАЛА" кылбайбы деп сурашат;
  • "Экинчи Москвага келбейм!" деп айткандар CӨЗСҮЗ кайра келишет;
  • Регистрацияга тапшырып жатып: анан "тООчно чистый болобу?" деп сурашат;
  • Кыргызстанга барып эс алганда тааныштарына "Карызга акча салып тур, барганда дароо айлык алып берем" деп сөзсүз чалышат;
  • Иштеген жеринде Майрамгүл — Маша, Дайыргүл — Даша, Болот — Боря, Сагыналы — Саша болуп экинчи атка ээ болушат;
  • Айылдан жаңы келип, орусча билбеген поварлар үч жылдан кийин су-шеф (москвалыктар дароо түшүнөт) болушат;
  • Кырсык болуп калса маркумдун сөөгүн ЭЧ КАЧАН талаага ташташпайт.

Сүрсүгөн эт, чучук жана улуттук суусундуктарды жүктөй кеткен Түркиядагы кыргыздар

Ал эми Стамбул шаарында окуп жаткан Айпери Сейитбекова Түркияда жашап, окуп жаткан кыргыздар тууралуу кызыктуу фактыларды мындайча айтып берди:

  • Бейрасмий маалымат боюнча Түркияда беш миңден ашуун кыргызстандык бар. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул жана Анкара шаарларында жашайт;
  • Түркиядагы кыргыздардын көбүн билим алууга келген жаштар түзөт;
  • Бул жакта жашаган кыргыздардын басымдуу бөлүгү ишкерлик менен алектенишет. Ишкерлердин жоон катмарын 90-жылдары билим алууга келип, отурукташып калгандар түзөт;
  • Тейлөө кызматында иштегендер (бала багуучу, официант, куруучу ж.б.) убактылуу мөөнөткө гана келишет. Турист болуп келип, иштеп калгандар да бар;
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорттору жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын паспорту болсо таңкасың, болбосо... же Россиядагы КР паспортунун кадыры
Түркияда "Кыргызстан достук жана маданият коому" бар. Андагы Студенттик Кеңеш онго жакын комитет жана студенттер менен иш алып барат. Жетекчилери жалпы добуш берүү жолу менен бир жылдык мөөнөткө шайланат;
  • Ошондой эле коомдун кыргыз буюмдары менен жасалгаланган бөлмөсү жана кыргызча китептер менен толукталган чакан китепканасы бар. Кээде жаш балдар үчүн кыргыз тили сабактары, чоңдор үчүн семинарлар өткөрүлүп турат;
  • Кыргызстандыктар Вандык кыргыздар менен дайыма байланышта. Майрамдык иш-чараларды чогуу өткөрүшүп, улуттук ыр-бийлерди аткарып көңүл ачышат;
  • Жыл сайын жазында ар кайсы шаарларда жашаган кыргыздардын арасында спорттук мелдештер өткөрүлүп турат. Футбол боюнча лига да түзүлгөн;
  • Бардык эле кыргыздардын арасында бири-бири менен кыргызча-түркчө аралаштырып сүйлөө көнүмүшкө айланган. Отурукташып калгандардын көпчүлүгү түркчө акцент менен сүйлөсө, бул жакта өсүп калган жаш балдар түркчө сүйлөшөт. Буга бала бакча, мектептердин жана чөйрөсүнүн түрк тилинде болушу себеп;
  • Түркияга ар түрдүү сынактарга катышууга келген таланттуу мекендештерди активдүү колдошот;
  • Түркияда болуп жаткан акыркы окуялардан (жарылуу) улам бири-биринен кабар алып турушат. Жарылуу болгон учурларда амандыктарын сурап, интернетке жазып же телефон чалып чыгышат;
  • Мекенине бара жаткан ар бир кыргыз сөзсүз белек катары кийим-кечек ала кетет. Түркияга кайтканда сүрсүгөн эт, чучук, кургатылган жемиш жана улуттук суусундуктарды ала келишет;
  • Стамбулга келген ар бир кыргыз Султанахмет, Айя-София мечиттеринин алдында, деңиздин жээгинде, Босфор көпүрөсүнүн фонунда сөзсүз сүрөткө түшөт;
  • Түркияда кыргыз даамдарын жасаган кафелер дээрлик жок болгондуктан өзбек же уйгур кафелерине барып тамактанышат. Анкарадагы кыргыз кафесинин ачылганына аз эле убакыт болду;
  • АКШдагы такси унаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
    АКШда зуулдата такси айдаган кыргыз кызы — Кайыргүл
    Кыргыздарды Түркияда корей, жапон жана кытай улутундагылар менен көп алмаштырышат. Кээде алардын тилинде сүйлөп, көңүл бурдууруга аракет жасашат;
  • Кээ бири Кыргызстанды дагы деле Совет доорундагыдай Орусияга көз каранды жана суук өлкө деп ойлошот;
  • Жылкы этин жеп, бээ сүтүн (кымыз) ичкениңер чынбы деп көп сурашат. Анткени түрктөрдө жылкы эти дээрлик желбейт;
  • Кыргыздар Кытайга жакын жана тоолуу аймакта жашаганы үчүн көздөрү ичке, бүтүк деп ойлошот.
  • Кыргызстанга салынган Lexus жана "качан той" деген тамаша

    Американын Чикаго шаарында кыргыздар башка аймактарга салыштырмалуу көп жашайт. Анын үстүнө бул шаарда кыргыздардын ынтымагы бекем экенин айтып келишет. Мекендешибиз Замирбек Нуров чикаголук кыргыздар тууралуу кызыктуу фактыларды өзүнүн Facebook баракчасына бир нече убакыт мурун жазган:

    • Чикагодогу кыргыздар аябай ынтымактуу, алар түндүк-түштүк болуп бөлүнбөйт;
    • Алардын көпчүлүгүн 30га чейинки жаштар түзөт;
    • "Христофор Колумб" сыяктуу Чикаго калаасына жол ачкан байкелер мекендештерибизди бириктирип, ар дайым колдоп, жардам көрсөтүп келишет;
    • Эгер сен үйлөнгөн болсоң үй-бүлөлүү деп өзгөчө сый менен мамиле кылат;
    • Эгер кыз-жигит болуп жүрсөң, Чикагодо баары билет, тааныштар көргөндө: "качан анан той?" деп тамашалап сурап турушат;
    • Кыргыздардын басымдуу бөлүгү шаардын түндүк тарабында жашайт, конокко барсаң ар биринин үйүндө Кыргызстандын туусу илинип турган болот;
    • Көпчүлүк үйүндө тамак жасабайт, себеби Чикагодо жети кыргыз ашканасы бар;
    • Кыргыздар баары бири-бирин сырттан таанышат, атын билбесе да унаасынын номерин жакшы билип, көрүшкөндө "ассалам алейкум" деп салам беришет;
    • Кээ бир достор англисче what’s up же how ya doin’ bro? деп саламдашат;
    • Чикагодогу кыргыз кафелерде монголдор да тамактанып турушат. Келбети бизге окшош болгон монголдор менен да саламдашып чыгышат;
    Кар тазалаган коммуналдык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
    Таттуу кыял артынан кеткен мигранттардын тозок оту…
    Чикагодогу мекендештер кыргыз тилин англис тили менен аралаштырып сүйлөшөт;
  • Эт сүйгөн кыргыздардын баары "Fogo de Chao" аттуу бразилиялык ресторанда стейктин даамын татып көрүшкөн;
  • Чикагого келген ар бир кыргыз Чикагонун фонунда, Willis Tower имаратынын 103-кабатында, Cloud gate же Bean жана белгилүү болгон Michigan Avenue bridge алдында сөзсүз түрдө сүрөткө түшүп чыгышат;
  • Кыргыздардын көпчүлүгү жаңы 2011-2014-жылдары чыккан унааларда жүрүшөт;
  • Ар бир кыргыз мекенге жок дегенде бир машина салган. Көбүнчө — Lexus маркасындагы автоунаалар;
  • Көпчүлүк кыргыздар унаасынын артына KG, KGZ, IKYRGYZ жазууларын чаптап алышат, трассада көргөндө бири-бирине жол беришет;
  • Чикагодогу кыргыздардын эң сүйүктүү спорту — футбол;
  • Чикагонун курама командасын Германия менен салыштырышат, себеби алар кыргызтандыктардын АКШда жылыга өтчү кубогунда ар дайым финалга жетип, бирок көбүнчө жеңилип калышат.
  • Жаңылыктар түрмөгү
    0