Жер көчкүдөн аман калган Мирбек, көз көрүнө көмүлгөн Эрлан. Окуянын чоо-жайы

© пресс-служба МЧС КРОползень в Сузакском районе Джалал-Абадской области
Оползень в Сузакском районе Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгы менен кубаныч, өлүм менен өмүр дайыма эриш-аркак жүрөт. Алмалуу-Булактык Кубаныч Сейитов азыр же кубанаарын, же сүйүнөрүн билбей турат. Айылдаштары менен тополоң-тоз болгон жер көчкүдөн 14 жаштагы Мирбекти сууруп чыгышса, дагы бир өспүрүм Эрланды кол сунуп баратып, сактай албай ошол эле жер көчкүгө алдырып жиберген.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында 27-апрелде кеч курун жер көчкү жүрүп, бир окуучуну басып калган. Экинчисин айылдаштары жер көчкүдөн сууруп качканга жетишкен.

Окуяга күбө болуп, бир баланы аман алып калып, экинчисин сактай албай калган Алмалуу-Булактыктар жана тирүү калган баланын энеси менен Sputnik Кыргызстан байланышып, окуянын чоо-жайынан кабар алды.

Жер көчкүдөн уулунун аман калганына 36 жаштагы Нургүл кудайга тобо кылып, бирок, эстеген сайын жүрөгү козголуп жатканын айтып берди.

Уулум катуу коркуп калыптыр

Кечээ айылдыктар сактап калган тун уулум — Мирбек Айталиев. Ошол учурларда кырсык болгон жерде Эрлан Урматбек уулу экөө ойноп жүргөн экен дейт апасы. 

"Ошол жерде абысындар бар, "чоң апа, жардамга" деп кыйкырып ыйлаганы угулган. Ал баланын добушу чыгып жатат, чуркагыла дептир. Көргөндөр айтышты. Менин баламдын башы, бир колу эле чыгып, башка жагы көчкүнүн алдында калган экен", — деп айтып берди Нургүл.

Жер көчкүгө Эрланды алдырып жиберген айылдаштардын эскерүүсү
Мирбектин апасы уулун дарыгерге алып барганын, өспүрүм катуу коркуп калганын кошумчалады.

"Коркуп калыптыр. Ооруган жерлерин азыр айта албай жатат. Эртең менен кардиология бөлүмүнө алып барып текшертсек, Кудайга шүгүр, жакшы дешти. Бел жагынан омурткасынын бир жери ооруп жатканын айтты, бир аз шишип калыптыр. Буттары, тизесинен ылдый жагы сыйрылган. Уулумду жер көчкү эки-үч ороп кеткен экен", — деди ал.

Айылдаштар ажалга арачы болгондо

Баланы куткарып калгандардын бири Кубаныч Сейитов жана Нурлан Бөлөкбаевди сөзгө тарттык.

26 жаштагы Сейитов баланы кантип сактап калганынын айтып берди. 

"Кошунам "неберемди калып кетти" деп кыйкырды. Атып турдук. Кандай жеткенибизди билбейм, чуркап эле бардык. Мирбектин денесинин бөлүгү чыгып калыптыр. Баарылап эле жабылдык. Кимибиз тартып чыкканыбызды да билбей калдым. Өзүңдү жоготуп коёт экенсиң", — деди Кубаныч.

Эрландын топурак алдында калганын Мирбек чырылдап айтып берген.

"Жаңы эле топурак алдынан чыккан уулум "шеригим калып калды, ушул жерлерде, акелер ушул жерлерде" деп чырылдаптыр. Куткарабыз деген балдардын айтканына караганда, чоң кесек келип, Эрланды басып калган экен", — деди Нургүл. 

Бозала чаң, кыйкырык — Сузак районунда түшкөн жер көчкү. Күбөнүн видеосу
Алар ошол жерден кайсалап, экинчи баланы таппай, атынан чакырып, "Эрландап" кыйкырышкан. 

"Анан эле экинчи бала каякта деп кайсалап калдык. Кыйкырсак, үн чыккандай болду, ал жерде тырмалап жиберсек, башы менен колу көрүндү. Тирүү экен!!! Тырмалап баштасак эле, бир учурда "качкыла эле, качкыла, дагы келе жатат" деп чурулдап калышты. Качтык. Экинчиси келип кайра басып калды… Бир канча метр чуркап барып, кичине бурулуп аркамды карасам, бопбоз чаңдан башка эч нерсе көргөн жокмун…", — деди маектешибиз. 

Өлүм менен өмүрдүн ортосундагы 2-3 мүнөт…

Биздин маектеш ошол кездеги өлүм менен өмүрдүн көз ирмемдик сүйүнүчү менен жанды жеп жиберген өкүнүчүн төмөнкүчө айтып берди.

"Мирбекти тирүү сууруп чыкканда сүйүнүп эле кеттик. Экинчисинде кол менен топурак чапчып, тырмалап жатып, Эрланды денесинин бөлүгүн көргөндө сүйүндүк эле, анан эле жанагындай жагдай болуп кетти … Уюлгуган топурактын чекесинде шылкыйып туруп калдык", — деп эскерди ал. 

Сейитов азыр же кубанаарын же сүйүнөрүн билбей турат. Көңүл жылытканы айылдаштары менен тополоң-тоз болгон жер көчкүдөн 14 жаштагы Мирбекти сууруп чыкса, дагы бир өспүрүм Эрланды кол сунуп баратып, сактай албай калганын айтат. 

Алмазбек Атамбаев жер көчкү алдында калган баланын үй-бүлөсүнө көңүл айтты
"Биз ал жерге чуркап жеткенден кийин 2-3 мүнөт аралыгында болуп кетти. Баланы эстеп жаман болуп жатам. Чуркап бара жатканда, сөз айтканга үлгүргөн жок. Ача салсак эле, башы ылдый карап дем алып жатыптыр. Эки колу чыгып келе жаткан. Жок дегенде 2 мүнөт болгондо, тартып алып, сүйрөп болсо да качат элек…", — деди Кубаныч. 

Бүгүн маркум Эрландын сөөгү табылды. Бул туурасында айтып берген Нурлан Бөлөкбаев, топурак басып калган баланын сөөгү дээрлик ордунан жылбаганын билдирди. Баланын өзүн сактай албаганы менен сөөгүн тапканга көмөк көрсөтүптүр. 

"Кечээги жерден болгону алдыны көздөй 3-4 метр жерге жылыптыр. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерине болжолдоп ошол жерди көрсөтүп берсем, казганда эле чыкты", — деди Бөлөкбаев.

Бүгүн министрликтин кызматкерлери маркум Эрландын сөөгүн ата-энесине беришти. Ал эми айылдаштары сактап калган Мирбекти медициналык текшерүүлөр, дарылануу күтүп турат…

Мирбектин өмүрүн сактап калгандар 

Жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер көчкү деген эмне? Айттырбай келген алааматтын алдын алуу жолдору
Ал эми Мирбектин апасы Нургүл бизге төмөнкү айылдаштары уулунун өмүрүнө себепкер болгонун айтты. 

Алар 42 жаштагы Нурлан Бөлөкбаев, 26 жаштагы Кубаныч Сейитов. Андан сырткары Сок-Таш айылындагы Абдраимов атындагы мектептин окуучулары: 

Дөөлөт Казиев, Нурмамат уулу Улук, Улан Төрөканов, Эрмамат Амиракулов, Калыбай уулу Арген, Сайдилла уулу Тынчтык, Азирет Атчабаров, Бегалы уулу Бекмамат, Шумкарбек Мөндөев. Бул балдар өздөрүнөн 1-2 жаш кичүү айылдашын куткарып калышты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0