Салымбеков, Касиев Бишкектин ардактуу атуулу болушту

© пресс-служба БГКОбщее фото горожан которые получили регалии почетного гражданина Бишкека
Общее фото горожан которые получили регалии почетного гражданина Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыйлангандардын катарында курулуш, медицина, маданият тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон шаар тургундары бар.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Борбор калаанын күнүнө карата Бишкек шаардык кеңеши бир катар жарандарга "Бишкектин ардактуу атуулу" наамын тапшырды. Бул тууралуу шаардык кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн "Пишпек-Фрунзе-Бишкек борборуна 138 жыл" аттуу көргөзмө өтөт
Ага ылайык, аталган наам Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, КРдин эмгек сиңирген куруучусу Асад Гасановго, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Анэсс Зарифьянга, КРдин эмгек сиңирген куруучусу Бейшенбек Иманалиевге, КРдин эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор Накен Касиевге, КРдин Эл акыны Төлөгөн Мамеевге, Бишкек шаардык кеңештин үч чакырылышынын депутаты Жумабек Салымбековго, КРдин эмгек сиңирген экономисти Сайфудин Сеитбековго жана калкты тейлөө жаатында эмгек сиңирген кызматкери Лидия Кратковаларга тапшырылды.

Мындан тышкары, бир катар жарандарга борбор калаанын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ардак грамоталар ыйгарылды. 

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары наам алган ардактуу атуулдарга бекем ден соолук, ийгиликтерди каалашты.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0