"Өлбөс полк" жүрүшү Бишкектеги Түштүк дарбазадан башталат

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүү"Өлбөс полк" жүрүшүнүн катышуучулары. Архив
Өлбөс полк жүрүшүнүн катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин "Өлбөс полк" жүрүшү эски аянтта болору кабарланган болчу.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Борбор калаанын башчысы Албек Ибраимов жарандардын жана шаардык кеңештин "Өлбөс полк" жүрүшүн Түштүк дарбазага которуу демилгесин колдоду.

Буга чейин "Өлбөс полк" жүрүшү эски аянтта болору кабарланган болчу.

Ала-Тоо аянтындагы аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл 9-майда аскердик парад пландаштырылган жок
"Өлбөс полк" жүрүшү 9-май күнү Түштүк дарбазадан башталып, Жусуп Абдрахманов көчөсү аркылуу Фрунзе көчөсүнө чейин түшүп келип, "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отто жыйынтыкталат.

Жүрүшкө чыккандарды Кайгуул милициясы, Тез жардам жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын кызматтары коштойт. Андыктан айрым көчөлөргө убактылуу чектөө киргизилет.

Бишкек мэриясы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун каармандыгын даңазалоо үчүн шаардыктарды бул жүрүшкө катышууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0