Коргоо кеңешинин катчысы: борбор калаада болгон атышуулар боюнча ИИМ иш алып барууда

Жазылуу
Бүгүн өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен Коргоо кеңешинин жыйыны болуп, анда чек ара маселеси жана кылмыш жаза аткаруу системасын жакшыртуу боюнча маселелер талкууланган.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Апрель айынын ортосунда Бишкек шаарында катары менен болгон бир нече атышуу боюнча ИИМ тийиштүү аракеттерди көрүп жатканын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен Коргоо кеңешинин жыйыны болуп, анда чек ара жана кылмыш жаза аткаруу системасындагы маселелер талкууланган.

Жумакадыров борбор калаадагы атышуу боюнча ИИМ иштеп жатканын жана иликтөө иштеринде жылыштар тууралуу кабардар экенин айтты.

"Иликтөө иштери аягына чыккандан тийиштүү орган кенен маалыматтарды берет", — деди ал.

Жумакадыров ошондой эле Россиянын курал-жарак жактан жардам берүүсү боюнча суроого жооп берип жатып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр менен мындан ары да бул сыяктуу жардамдар берилерин, бул багытта башкы штаб менен тийиштүү комитет иш жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0