ЖАМКтын сайты хакердик чабуулдан кийин кайтадан иштей баштады

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын сайты.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын сайты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн бир канча саат мурун Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын сайты Vaporerror хакерлердин тобу тарабынан бузулган болчу.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын сайты хакердик чабуулдан кийин кайтадан иштей баштады

Бүгүн аталган мекеменин сайты www.gsin.gov.kg хакерлердин чабуулуна кабылган. Сайттын баштапкы баракчасынын ордуна жини келген кишинин сүрөтү чыгып калган болчу

Учурда сайт баштапкы калыбында иштеп жатат. ЖАМКтын маалымат кызматы хакердик чабуул боюнча териштирүү болор болбосу азырынча белгисиз экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0