Баласын ойноткон ата-эне. Архив

Окумуштуулар: бала тарбиялоодогу орой мамиле анын ден соолугуна доо кетирет

215
Экспериментке 12 жаштагы 451 өспүрүм катышкан. Кыйкырык-чуунун арасында өскөн балдардын жүрөгү ооруп, нерв системасы жабыркай турганы аныкталган.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Эгер баланы дайым эле уруша берсе, көтөрүңкү үн анын абалына терс таасир тийгизип, атүгүл семиртип жиберерин америкалык окумуштуулар аныкташты. Бул тууралуу Fox News басылмасына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Экспериментке 12 жаштагы 451 өспүрүм катышкан. Илимпоздор аларды сегиз жыл бою байкоого алып, үй-бүлө ичиндеги абалга көз салышкан.

"Тарбиялоодогу одоно мамиле баланын ден соолугуна олуттуу зыян алып келет. Эгер ата-эненин бирөөсү балага дайым эле кыйкырып-өкүрө берсе анын терс таасирин экинчисинин жумшак мамилеси да алдын ала албайт", — дейт изилдөөнүн демилгечиси Томас Шофилд.

Анын айтымында, орой тарбия бала үчүн оор чөйрөнү шарттайт. Анын кесепети баланын ар дайым стресс абалында жүрүүсүн шарттап, ден соолугунун начарлашына алып келет. 

215
Белгилер:
стресс, бала, изилдөөлөр, Окумуштуулар
Тема боюнча
Балдардын үй-интернаттарында 8,2 миңден ашык бала тарбияланат
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архивдик сүрөт

Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты

29
(жаңыланган 23:18 25.05.2020)
Дмитрий Песков өзү журналисттерге ооруканадан чыкканын жана азырынча үйдө иштей турганын тастыктады.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков коронавирустан сакайып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Эске салсак, ал 12-май күнү коронавирус жуктуруп алганын билдирген. Ошондой эле анын жубайы, муз бийчиси Татьяна Навкадан дагы вирус аныкталган.

Песков өзү журналисттерге ооруканадан чыкканын жана азырынча үйдө иштей турганын билдирди.

29
Белгилер:
оорукана, коронавирус, Дмитрий Песков, Россия
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Песковдун жубайы Навкадан да COVID-19 табылып, абалы кандай экени айтылды
Шамалга учкан чатыр. Архивдик сүрөт

Бакты омкоруп, чатырды кагаздай учуруп... Екатеринбургдагы шамалдын видеосу

190
(жаңыланган 22:09 25.05.2020)
РИА Новости агенттигинин ИИМ жана жергиликтүү саламаттык сактоо органына таянып жазганына караганда, жаратылыш кырсыгынан эки киши көз жумду.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Урал жана анын борбору Екатеринбург шаарында (Россия) дүйшөмбү күнү кечинде катуу бороон-чапкын болду. Ал учурда тартылган видеолорду интернет колдонуучулар социалдык тармактарга жүктөдү.


Кадрларда көрүнүп тургандай, шамал темир такталарды, курулуш таштандыларын асманга сапырып жатат.

Башка видеодо жерге түшүп калган темир чатырдын үстүндө турган кишини шамал алып ыргытып, темирди кагаздай желбиретип учуруп кеткенин көрүүгө болот.

РИА Новости агенттигинин ИИМ жана жергиликтүү саламаттык сактоо органына таянып жазганына караганда, жаратылыш кырсыгынан эки киши көз жумду.
Материалдык чыгым эсептелип жатат.

190
Белгилер:
Россия, Екатеринбург, шамал, кырсык, аба ырайы
Тема боюнча
Автобусту алып бараткан катуу шамалдын видеосу. Индиядагы окуя
Суу каптаганы аз келгенсип, эми куюн кууратты. Казакстандагы окуянын видеосу