ИИМ: Ала-Букада асынып калган кыз бир күн мурун жакындарын кыдырып, белек тартуулаган

© flickr.com / Nick Vidal-HallАркан. Архив
Аркан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгон 15 жаштагы кыздын ата-энеси кылмыш ишин козгоого негиз жок болгондуктан милиция кызматкерлерине доосу жок экенин айтышкан.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Ала-Бука районунда асынып өлгөн 8-класстын окуучусу 15 жаштагы кыздын жүрүм-туруму акыркы кезде өзгөрүп кеткен. Бул тууралуу РИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 1-май күнү болгон. Өспүрүм үйдүн чатырында асынып калган абалында табылган. Окуяны териштирүүдө акыркы күндөрү кыз жакын адамдарына белек тартуулап, туугандарынын баарын кыдырып чыккан. 

Ал эми кыз окуган Балтагулов атындагы мектептин мугалимдери өспүрүмдүн оор басырыктуу, шайыр экенин айтышкан. 

"Бир күн мурун классташ кызына өзүнүн галстугун белекке бериптир. Ага көзү өтүп кеткен чоң энеси чакырып атат деп айтыптыр. Өз өмүрүнө кол салат деп эч кимдин оюна келбетип. Жакшы үй-бүлөнүн кызы эле", — дешти мугалимдер.

Каза болгон кыздын ата-энеси кылмыш ишин козгоого негиз жок болгондуктан милиция кызматкерлерине доосу жок экенин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0