Бишкектеги Жеңиш аянты 9-майда кайтарууга алынат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Жеңиш аянты. Архив
Бишкектеги Жеңиш аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Жеңишке арналган иш-чаралардын маалында коомдук тартипке эки миң милиция кызматкери жана ИИМ академиясынын 200 курсанты көз салат.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. 9-май күнү Бишкектеги Жеңиш аянты кайтарууга алына турганын шаардык ИИББ билдирди.

Жүздөгөн шаар тургундары "Жеңиш вальсын" бийлешти
Майрамдык иш-чаралардын маалында шаар тургундары менен меймандардын коопсуздугун сактоого эки миң милиция кызматкери жана ИИМ академиясынын 200 курсанты тартылат. 

Укук коргоо органдарына коомдук уюмдар жардам берет. Аянтка кире бериш жерлердин баарына өткөрүү пункттары уюштурулат. Ал эми шаардын "Ала-Тоо" аянтында кинологдор иштейт. Аталган жерге жакын көчөлөрдүн айрым бөлүгү жабылып, мындан тышкары, спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат. 

Салтанаттуу иш-чаралар аяктагандан кийин 80 милиционер ат оюндары өтө турган "Ак кула" ипподромунда тартипти көзөмөлдөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0