Генералдык штаб асынып калган курсант тууралуу түшүндүрмө берди

Жазылуу
Бул каргашалуу окуя Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынды.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институнун 19 жаштагы курсанты 6-майда өз үйүндө асынып калган. Бул тууралуу Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-майда ал саат 19.30дар чамасында аскер институнун ал өз алдынча таштап кеткен. Маркум курсант 2015-жылы Нарын райондук аскер комиссариаты тараптан чакырылган.

"КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинде аталган факт боюнча кызматтык иликтөө дайындалып, Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан бул маселе өзгөчө көзөмөлгө алынды", — деп айтылат маалыматта.

Кызматтык иликтөөнүн натыйжалары кошумча маалым берилерин Генералдык штабдан кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0