Өзбек президенти Каримов Атамбаевди жана кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктады

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүӨзбекстан президенти Ислам Каримов. Архив
Өзбекстан президенти Ислам Каримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ислам Каримов өз куттуктоосунда согуш ардагерлерине жана ооруктагы маңдай тер менен мээнет кылгандарга таазим этип, кыргыз элине чың ден соолук каалады.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Өзбекстан президенти Ислам Каримов өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы кабарлады.

Каримов өз куттуктоосунда согуш ардагерлерине таазим этип, терең ыраазычылык билдирди.

"Элибиздин тарыхындагы бул даңктуу майрамды белгилеп жатып, кан майданда кайталангыс каармандыгы жана эрдиги менен өз өмүрүн курмандыкка чалып, келечек муундар үчүн тынчтыкты жана эркиндикти, ооруктагы кажыбас эмгеги менен жалпы жеңишибизди камсыз кылгандардын элеси алдында башыбызды ийип, терең таазим этебиз", — деп айтылат өзбек президентинин куттуктоосунда.

Мындан сырткары өзбек президенти Каримов Атамбаевге чың ден соолук жана бардык жакшылыктарды, ал эми Кыргызстан элине тынчтык менен гүлдөп өнүгүү каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0