Азербайжан президенти Алиев кыргыз элин Жеңиштин 71 жылдыгы менен куттуктады

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАзербайжандын президенти Илхам Алиев. Архив
Азербайжандын президенти Илхам Алиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алиев каардуу согуш жылдары коңшулаш эл майдандагы кайталангыс каармандыгы менен эрдиги даңктуу тарыхта түбөлүк жазылып калганын айтат.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди жана кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 71 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Алиев өз куттуктоосунда каардуу согуш жылдары коңшулаш эл майдандагы кайталангыс каармандыгы менен эрдиги даңктуу тарыхта түбөлүк жазылып калганын белгилейт.

"Согуштагы жана ооруктагы сыноолорду жеңип чыккан элибиздин ортосундагы достук жана өз ара колдошуусу мындан ары да Азербайжан менен Кыргызстан ортосундагы ар тараптуу кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү бекемдеп жана өнүктүрүүгө негиз болот деп ишенем", — деп айтылат Алиевдин куттуктоосунда. 

Азербайжан президенти Алиев Атамбаевге согуш жана оорук ардагерлерине, ошондой эле боордош Кыргызстан элине бакыт-таалай, бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0