Майрамдан кийин "Жеңиш" аянтынан 30 куб метр таштанды чыгарылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тазалык" ишканасынын кызматкери. Архив
Тазалык ишканасынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-майда Бишкектин бир катар бөлүгүндө Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына карата бир нече иш-чаралар өттү.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Улуу Жеңиштин 71 жылдыгы майрамдалгандан кийин Бишкектин "Жеңиш" аянтынан 30 кубометр таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Майрамдык иш-чаралар аяктагандан кийин "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 25 жумушчусу менен беш атайын техника тартылган.

Белгилей кетсек, 9-майда Бишкек шаарында Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Алардын катарында "Өчпөс полк" жөө жүрүшү да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0