Бишкекте оңдоо иштеринен улам Лумумба көчөсү жабылды

Жазылуу
Көчөлөрдү оңдоо иштери 31-августка чейин созулат.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин Патрис Лумумба атындагы көчөсү бүгүн жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган көчөнүн Дэн Сяопин проспектисинен Профсоюз көчөсүнө чейинки тилкеси жабылган. 

Бул бөлүккө тротуарлар менен түтүктөр орнотулат. Ал эми унаалардын каттоосун камсыздоо үчүн Профсоюз көчөсү ачык болот. 

"Оңдоого алынган аймактын аралыгы 2,5 чакырымды түзүп, шаар бюджетинен 114,8 миллион сом каралган", — деп айтылат маалыматта. 

Патрис Лумумба көчөсүндөгү оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0