Нарында ачыла турган эл аралык университет кызматкерлерди караштырып жатат

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүОкутуучу. Архив
Окутуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуу жайга ашкана жана тамак-аш тейлөө, коопсуздук кызматтарына жана административдик иштерге тажрыйбасы бар жарандар кабыл алынмакчы.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Нарын аймагында ачыла турган Борбордук Азия университети (БАУ) кампуста иштей турган кызматкерлерди издеп баштады. Бул туурасында аталган окуу жай тараткан маалыматта айтылат.

"БАУ тейлөө кызматына, ашкана жана тамак-аш тейлөө кызматтарына, коопсуздук кызматтарына жана административдик иштер боюнча кызматына тажрыйбасы бар талапкерлерди издөөдө", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Окуу жайга мугалимдерди кабыл алуу иш-чарасы 2015-жылы башталып, алгачкы мугалимдер жамааты февраль айында кошулгандыгын, ал эми студенттерди кабыл алуу бардык өлкөлөрдө жүрүп жаткандыгын кошумчалашты.

Шырдак фестивалынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарындагы Борбор Азия университети кийинки жылдан баштап студенттерди кабыл алат
Ага Хан долбоору ишке ашырып жаткан Борбор Азия университетинде келечекте 1200 студент кабыл алынып, 400гө жакын мугалим иштемекчи. Акырындык менен бул аймакты илим жана IT борборуна айлантуу боюнча пландар бар. 

Борбордук Азия Университети 2000-жылы түзүлгѳн. Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандын президенттери менен Ага Хан фонду дин аралашпаган жеке менчик Университетти түзүү боюнча Эл аралык келишимге жана Уставга кол коюшкан. Тийиштүү парламенттер тарабынан ратификацияланган жана Бириккен улуттар уюмунда катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0