Панама-гейт. Офшордо акчасы "катылган" кыргызстандыктар

© AFP / CARL COURTМужчина и женщина в шляпах на пляже
Мужчина и женщина в шляпах на пляже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1977-жылдан 2015-жылга чейинки мезгилди камтыган архивдик документтерди Журналисттик иликтөөнүн эл аралык консорциумунун (ICIJ) журналисттери изилдешти.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Журналисттик иликтөөнүн эл аралык консорциуму дүйшөмбү күнү, 9-майда 200 миңден ашык офшордук эсеп тууралуу "Панама документтери" жөнүндө толук маалыматты жарыялады.

Жашыруун маалыматтарды көрүү мүмкүнчүлүгү Бишкек убактысы боюнча саат 18.00дө ачылды. Документте 200 миңден ашык жасалма фирмалар, фонддор, компаниялар бар. Алар дүйнө жүзү боюнча 20дай офшордук аймакта катталган.

АКШнын мамлекеттик департаментинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ "панама-гейтти" алып чыккан журналисттерге акы төлөп бергенин моюндады
Өлкө боюнча "Кыргызстан" деп издегенде панама-гейттин тизмесинен Владимир Никоновдун да аты чыгат. Ал Багам аралында катталган Valmeca Universal S.A. компаниясынын бенефициары болгон. Никоновдун аты коомчулук арасында белгилүү эмес.

Владимир Никинов деген атка окшош киши Австриянын Кыргызстандагы ардактуу консулу деп каттоого алынган.

Ошондой эле тизмеден "Кыргызстан" деп издегенде Эрмек Исманкулов, Жолдошбек Акматалиев, Руслан Турбатов жана Ангелина Ли деген жарандардын да аттары чыгат. Алардын төртөө Бишкек шаарында катталса, бирөө Аламүдүн районунда катталган.

Булардын аттарын Offshore Leaks (Офшордук маалыматтардын тарап кетүүсү) базасынан табууга болот. Аталган тизме боюнча чыр 2013-жылы чыккан болчу. Андагы тизмеде дүйнөнүн 140 өлкөсүнөн 120 миңдей компаниянын жана 130 миңдей кишинин аттары бар болчу.

Ангелина Ли Британиянын Виргин аралында катталган Danum Solis Ltd компаниясынын акционери жана директору болсо, Жолдошбек Акматалиев болсо ушул эле аралдагы Verney Productions LTD компаниясынын акционери.

Жергиликтүү ЖМКларда Руслан Турбатов менен Эрмек Исманкулов кесиптеш катары маалымдалат. Турбатов "ФИНКА" чакан насыя компаниясынын мурдагы директору болсо, Исманкулов аталган компанияда финансист болуп иштеген. Алардын аттары бул компаниянын айланасында болгон чыр-чатакта аталган.

ICIJ уюмунун маалыматына ылайык, Offshore Leaks чатагынын базасында Руслан Турбатов менен Эрмек Исманкулов Кипрдин Лимасол шаарындагы Sheracson Consulting Inc. компаниясынын негиздөөчүлөрү жана акционерлери катары белгилүү. Учурда аталган компания жоюлуп кеткен. Бул компаниянын үлүшүнө Аман Тентиев, Азамат Мурзалиев, Алия Керимбаева, Андрей Кожимжов, Джахонги Джураев жана Эрмек Коңурбаев ээ болушкан. Компаниянын директору катары Красников Хусанов (Krasnikov Husanov) катталган. Алардын жарандыгы тизмеде көрсөтүлгөн эмес.

Кыргызстанда Азамат Мурзалиев жана Аман Тентиев деген аттар "Альфа Телеком" ЖАК ("Мегаком" уюлдук оператор бренди менен белгилүү) менен "Электр станциялары" ААКтын директорлору катары белгилүү.

АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Кыргызстан АКШнын мамдепартаментинин докладын саясий шантаж деп эсептейт
Ошондой эле жашаган жери катары Кыргызстанды көрсөткөн чет элдик жарандар дагы бар. Алар Эквадордун жараны Диана Изабель Фернандес Пачесо менен Кытай жараны Чжан Янг.

Ал эми Romilly Limited компаниясынын акционери болгон Израилдин жараны Рудди Мессод Менахем Хаят каттоо дареги катары кыргызстандык Жолдошбек Акматалиев жашаган даректи көрсөткөн.

Панамагейт же "Панама документтери" — Панамадагы Mossack Fonseca юридикалык компаниясынын сыр катары сакталган документтеринин ачыкка чыгышынын расмий эмес аталышы.

2015-жылы немис гезити Süddeutsche Zeitung атын атагысы келбеген булак аркылуу компаниянын документтерин кароого мүмкүнчүлүк алган. Жалпы көлөмү 2,6 терабайт болгон 11,5 миллион файлдардын ичинен дүйнөнүн мурдагы жана азыркы лидерлери менен аткаминерлеринин аттарын кездештирүүгө болот.

1977-жылдан 2015-жылга чейинки мезгилди камтыган архивдик документтерди иликтөөнү Журналисттик иликтөөнүн эл аралык консорциумунун журналисттери жүргүзүшкөн. 2016-жылы 3-апрелде иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланган. Ал эми Mossack Fonseca компаниясы архивдик документтерди жарыялоодон баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0