Якутиялыктар кыргыз кымызынын даамын татышат

© Sputnik / Денис Гуков / Медиабанкка өтүүКымыз куюу. Архив
Кымыз куюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кымыс фестивалы 2016-жылы 25-июнда Якутиянын "Ысыах Туймаады — 2016" улуттук майрамынын алкагында өтөт.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. "Айыы Aha — Божественный напиток" фестивалынын уюштуруучулары Бишкектеги кымыз жасоочуларды Якутияда өтө турган экинчи эл аралык кымыз фестивалына чакырды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Фестиваль 2016-жылы 25-июнда Якутиянын "Ысыах Туймаады — 2016" улуттук майрамынын алкагында өтөт.

Бул иш-чара дүйнө элинин кымыз ичүү маданиятын жайылтуу максатында уюштурулуп, кымыз өндүрүүчүлөрдү колдоого чакырат.

Кымыздын пайдалуу жактары жана аны Кыргызстандын кайсыл аймагынан ичүүгө боло турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0