Балыкчы — Корумду жолунун Тамчыдан Чолпон-Атага чейинки бөлүгү 30-августка чейин бүтөт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки айдан бери маяна албаган жумушчулар буга чейин иш таштаган. Башкы инженердин айтымында, маяна эртең, бүрсүгүнү берилиши мүмкүн.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Балыкчы — Корумду жолунун Тамчыдан Чолпон-Атага чейинки бөлүгү 30-августка карата бүткөрүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине курулуштун башкы инженери Авазбек Чалакеев билдирди. 

Эскерте кетсек, быйыл Чолпон-Ата шаарында Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ал эми чет өлкөдөн келген коноктор Тамчы айылындагы аэропортко конуп, андан ары Чолпон-Атага барышат.

Чалакеевдин айтымында, 30-августка чейин аталган аймакты бүтүрүү үчүн үзгүлтүксүз иштөө зарыл.

"Буга чейин маяна берилбегендиктен жумуш токтогон. Анда техникаларын арендага бергендер жумуш таштаган болчу. Бүгүн эсепке акча түшөт деп жатат. Түшсө эле ишти улантабыз", — деди Чалакеев. 

Ал эки айдан бери маяна берилбей жатканын айтып, мындан улам жумуш создуктурулуп жатканын кошумчалады. 

"Келишим боюнча Балыкчы — Корумду жолу 2017-жылдын 31-декабрына чейин бүтүшү керек. Мындан сырткары, 1-августка чейин Тамчы — Чолпон-Ата жолун бүтүрүү каралган. Ал жолдун узундугу 35-38 чакырымды түзөт. Убакыт созулгандыктан буюрса 30-августка чейин бүтөлү деп турабыз. Калганын Көчмөндөр оюнунан кийин уланта беребиз", — деди инженер. 

Жол куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Балыкчы — Корумду" жолунун куруучуларынын айрымдары иш таштады
Чалакеевдин билдиришинче, учурда жолду кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Бул жаатта 60 пайыз иш бүткөрүлгөн. Бирок негизги жумуш асфальттарды сыйрып, кайрадан оңдоп чыгуу болуп саналат. Андыктан канча пайыз жумуш бүткөнүн так айтуу мүмкүн эмес. Долбоор боюнча 180 түтүк коюлуусу пландалган. Учурда 46сы орнотулуп жатат. 

Долбоор боюнча Балыкчы — Корумду жолунун 104 чакырымы оңдолушу керек. 

Эскерте кетсек, "Балыкчы — Корумду" жолу боюнча тендер чыры бүгүнкү күнгө чейин басылбай келет. Анын айынан мурунку өкмөт башчы Темир Сариев, транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев жана анын орун басары Улан Уезбаев кызматтан бошогон. 

Тендер боюнча ишти укук коргоо органдары иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0