Москва шаарындагы мигрант кыз. Архив

Москвада иштеп жүрүп, колун аппаратка чайнатып жиберген Салтанат

1064
(жаңыланган 18:28 11.05.2016)
Москва шаарындагы кондитердик фабрикалардын биринде иштеп жүрүп, аппаратка колун алдырып алган 20 жаштагы Салтанат Мусакожоева учурда Кыргызстанга келип дарыланып жатат. Ага иштеген жеринен эч кандай жардам болбогондуктан аргасыздан мекенине кайткан.

Мусакожоева Ысык-Көл облусунда төрөлгөн. Үйдө жалгыз кыз. Анын эки агасы жана бир иниси бар.

Каргашалуу күн

Кырсык 2016-жылы 12-апрелде болгон. Салтанат адаттагыдай эле жумуш күнүнө эле чыгып, такай жасап жүргөн ишин аткарып, вафли салына турчу атайын табаларды чогултуп, аппаратка салып жаткан. Бул күнү буга чейин иштебей турган станокту оңдоп ишке киргизишкен. Бирок ал кайта бузулуп ичинде табалар калып калгандыктан, аны чыгарам деп колун салганда датчиктер иштеп кетип, кыздын манжаларын чайнап кеткен. 

© Sputnik / Эмиль Садыров
Москвадагы жумушунан Салтанат Мусакожоева колун кантип аппаратка алдырган

"Баары эле кайсалактап эмне кыларын билбей калышты. Себеби, манжаларымды чайнап кеткен аппарат канга боёлуп калды. Шашкалактаган жумушчулар Тез жардамды чакырышты. Айрым учурларда аны деле чакырбай коюшат экен. Буга чейин да ушул сыяктуу эле окуя болуп, анда тез жардамды цехтин ичине киргизбей эле сырттан кетирип жиберишиптир", — дейт ал.

Жабылуу бойдон калган аяк

Мусакожоева Тез жардам келгени менен кырсыкты өндүрүштө эмес, "үй шартында фарш жасап жатып колун эт туурагычка алдырып жиберди" деп каттоого алганын, ишти ырбатпай эле жаап коюуга ишкананын жетекчилиги да кызыктар болгонун белгиледи.

"Тез жардам кызматы келген күндө деле "окуяны кандай чечебиз" деп эле ачык сурашат экен. Бригадир баштаган башка жетекчилер чуркап келип эле "өнөр-жайдан болду деп толтурбагыла" дешип, "канча болсо төлөп беребиз" деп ошол жерден эле дароо акча таап, 20 миң рублдай колдоруна карматты", — дейт ал.

Мусакожоева Тез жардам кызматы толтурган документке кол коюп бербегенин, болгону ооруканага барганда гана колуна операция жасоого макул экенин ырастап кол коюп бергенин айтат.

"Дарыгер аты жок манжаңды алам, аны баары бир кесиш керек, эгер аны албасак калган колдоруңа да таасир берет дешти. Айласыздан макул болдум. Бардык манжаларымды алдыргандан көрө бирөөсүн алдырайын дедим", — деп ыйламсырады ал.

Күттүргөн компенсация

Мусакожоева өзү иштеген ишкана ага эч кандай компенсация төлөп бербегенин айтат. Ал ооруканада бир жумадай жаткан, бирок жумуш берүүчү тараптан эч ким басып келген эмес. Башында акча төлөп беребиз дегени менен аны создуктурушкан. 

Выписка больной Мусакожоевой С.Н. из Городской клинической больницы им. Жадкевича в Москве.
© Sputnik / Расул Усеналиев
Дарыгерлер чыгарып берген корутунду

"Акча төлөйбүз дегени менен аны создуктуруп жүрө беришкендиктен аларды күтпөй эле билетти өзүмдүн акчама алып, 26-апрелде Бишкекке учуп келдим. Мени жумушка киргизген таежеме 6 миң рубль беришиптир. Бирок мен аны көргөн жокмун", — дейт ал.

Зыркыраган эне жүрөгү

Москвадан учуп келгенде бул жактан Салтанатты апасы тосуп алган. 

"Чындыгында апам колумду карай албай койду, болгону сүрөттөрдөн гана көрдү. Колумду көрсөтсөм ыйлап туруп алды", — деп анын үнү каргылданып кетти.

Учурда да шаардагы ооруканага күнүгө барып, колун таңдырып турат. Чайналган манжаларынын жарааты бүткөндөн кийин ага протез кийгизүү үчүн операция жасатууну пландап жатканын айтат.

"Оң колум жабыркаганы аябай өкүндүрөт. Себеби мен эми майып болуп калдым да. Бардык ишти оң колум менен кылчумун. Эми кантем, билбейм…", — дейт ал.

Жумуш берүүчү эмне дейт?

Мусакожоева иштеген фабрикада менеджер болуп эмгектенген, өзүн Зина деп тааныштырган аял окуя тууралуу маалыматы бар экенин айтты.

Мусакожоевага компания тарабынан жөлөк пул берилгенин жана кийин да бериле турганына ишендирди. Андан сырткары, ал Салтанат өзү техникалык коопсуздукту сактабагандыгынан улам аталган кырсыкка кириптер болду деп айтты. Менеджер Тез жардам кызматынын корутундусунда Салтанаттын үй шартында кырсыкка учурагандыгы тууралуу жазылган маалыматты түшүндүрүп берүүдөн баш тартты.

Сактанганды сактайт

Көп жылдардан бери адвокат болуп иштеп келе жаткан Бекибай Мамытов биздин көпчүлүк жарандар чет мамлекетте ишке киргенде эмгек келишимин талап кылбай чоң катачылык кетирерин айтат.

"Чет жакта жумушка орношуп жаткан ишкана, мекеме менен эки тараптуу эмгек келишимин түзүү керек. Ал жерде иш учурунда кандайдыр бир кырсык болсо кандай жардам, чаралар көрүлө турганы жазылат. Ушундай мыйзамдуу түрдө гаа ишке киргенде гана күтүлбөгөн окуялар болуп кетсе кандайдыр бир жардамдарды мыйзамдын чегинде талап кылууга болот", — дейт ал.

Мамытов эгер иштеген жери менен келишим жок болсо, ал кызматкер эл аралык термин менен айтканда гастарбайтер гана экенин баса белгиледи.

1064
Белгилер:
Москва, Салтанат Мусакожоева, Мигрант
Тема боюнча
Кыргызcтандыктардын арасында эмгек мигранты болгусу келгендер азаюуда
Эмгек мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары 28 пайызга кыскарды
Таттуу кыял артынан кеткен мигранттардын тозок оту…
Баткен облусундагы фотокапканга түшүп калган ак илбирстер

Ак илбирс, чүткөр, түлкү… Баткенде фотокапканга түшкөн жаныбарлардын сүрөтү

49
(жаңыланган 14:59 17.09.2021)
Кыргызстандын түштүк аймагындагы эки жаратылыш коругундагы жаныбарларды 40тан ашык фотокапкан тогуз ай бою сүрөткө тарткан.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Баткен облусунда фотокапкан ак илбирс жана башка бир нече жаныбарды тартып алган. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы жаратылышты коргоо союзунун (NABU) маалымат катчысы Зарина Эсенбаева билдирди.

Анын айтымына караганда, Лейлек районундагы "Сүрмө-Таш" жана Кадамжайдагы "Саркент" жаратылыш коруктарына 40тан ашык фотокапкан орнотулган.

  • Снежный барс запечатлен на фотоловушке в одном из заповедников в Баткенской области
    Баткен облусунда фотокапкан ак илбирс жана башка бир нече жаныбарды тартып алган.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Снежный барс запечатлен на фотоловушке в одном из заповедников в Баткенской области
    Лейлек районундагы "Сүрмө-Таш" жана Кадамжайдагы "Саркент" жаратылыш коруктарына 40тан ашык фотокапкан орнотулган.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Рысь попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    20 фотокапкан жаратылыш коругуна, 22си коруктан сырткаркы аймактарга коюлган.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Рысята попали на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Тартуу аянты Түркстан тоо кыркаларындагы 100 миң гектар жерди түзөт.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Рысь попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Фотокапкандар деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте дээрлик тогуз ай турду
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Рысь попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    2021-жылдын жай айларында NABU-Кыргызстандын мониторинг боюнча адистери "Сүрмө-Таш" жана "Саркент" коруктарынын кызматкерлери менен биргеликте фотокапкандагы сүрөттөрдү чыгарышкан.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Сурки попали на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Кадрга ак илбирс, тоо теке, карышкыр, түлкү, кашкулак, каман, чүткөр, суур, коён, гималай улары, кекилик жана башка айбанаттар түшүп калган
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Горные козлы попали на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    NABU филиалынын директору Толкунбек Асыкуловдун айтымында, адистер алдын ала маалыматтарга ээ болду.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Каменная куница попала на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Эми сүрөткө түшүп калган ар бир жаныбарды идентификациялоо иши турат.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Кабан попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    "Сүрмө-Таш" мамлекеттик коругу Аңчылык союзунун базасында 2009-жылы түзүлгөн.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Горностай попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Анын аянты — 66 194 гектар.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Кеклик попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    "Саркент" мамлекеттик коругу 2009-жылы түзүлгөн.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Кеклики попали на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Анын аянты — 40 миң гектар.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Волк попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Баткен облусунда фотокапканга түшүп калган карышкыр
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Дикобразы попали на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Баткен облусунда фотокапканга түшүп калган кирпи
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
1 / 15
© Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
Баткен облусунда фотокапкан ак илбирс жана башка бир нече жаныбарды тартып алган.
"20 фотокапкан жаратылыш коругуна, 22си коруктан сырткаркы аймактарга коюлган. Тартуу аянты Түркстан тоо кыркаларындагы 100 миң гектар жерди түзөт. Фотокапкандар деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте дээрлик тогуз ай турду", — деди Эсенбаева.

Ал белгилегендей, 2021-жылдын жай айларында NABU-Кыргызстандын мониторинг боюнча адистери "Сүрмө-Таш" жана "Саркент" коруктарынын кызматкерлери менен биргеликте фотокапкандагы сүрөттөрдү чыгарышкан.

"Кадрга ак илбирс, тоо теке, карышкыр, түлкү, кашкулак, каман, чүткөр, суур, коён, гималай улары, кекилик жана башка айбанаттар түшүп калган", — деди Эсенбаева.

NABU филиалынын директору Толкунбек Асыкуловдун айтымында, адистер алдын ала маалыматтарга ээ болду.

"Эми сүрөткө түшүп калган ар бир жаныбарды идентификациялоо иши турат. Ак илбирс байырлаган аймак өнөктөш жаратылыш уюмдары менен биргеликте изилденип жатат. Биздин негизги максат — Кыргызстандын аймагындагы илбирстердин санын аныктоо", — деди Асыкулов.

"Сүрмө-Таш" мамлекеттик коругу Аңчылык союзунун базасында 2009-жылы түзүлгөн. Анын аянты — 66 194 гектар.

"Саркент" мамлекеттик коругу 2009-жылы түзүлгөн. Анын аянты — 40 миң гектар.

49
Белгилер:
Кыргызстан, жаратылыш, ак илбирс, фотокапкан, Германиянын жаратылышты сактоо союзунун (NABU)
Тема боюнча
Айнектей болгон осьминог. Сейрек жаныбардын Тынч океандан тартылган видеосу
Саясатташкан айбанаттар. Желек "уурдаган" токой жаныбарынын видеосу
Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Бекдөөлөт Абакиров. Архив

Ишкер сабалып... Ош шаардык спорт комитетинин башчысына байланыштуу иш кыскарды

30
(жаңыланган 14:54 17.09.2021)
Жазында Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Абакиров ишкер Иниятилла Нурматовду сабагандыгы боюнча шаардык ички иштер башкармалыгына арыз түшкөн.

ОШ, 17-сент. – Sputnik. Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Бекдөөлөт Абакировдун үстүнөн ишкерди сабагандыгы боюнча иш "тиешелүү далилдер жок" деген жүйө менен кыскартылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыштын курамы жок болгондуктан иш толук кыскартылган.

"Тергөөчүлөрдүн бизге берген маалыматына ылайык, аталган кылмыш ишке тиешелүү далилдер табылган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 12-мартында Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Абакиров калаада ишкерлик менен алектенген 39 жаштагы Иниятилла Нурматовду сабагандыгы боюнча шаардык ички иштер башкармалыгына арыз түшкөн.

Арыздануучу Курманжан датка көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринен Абакиров жанындагы кишилер менен бирге аны сабап кеткендигин билдирген. Факт Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен катталып, тергөө иштери жүргүзүлгөн.

Жабырлануучу Нурматовдун айтымында, ушул жылдын 12-мартында Абакиров аны төрт шериги менен кошо эч себепсиз сабаган. Окуя калаадагы кийим саткан дүкөндө болгон.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы Абакиров бул экспертизанын жыйынтыгына да нааразы болуп, комиссиялык жана комплекстүү экспертизага кайрадан өтүнүч келтиргенин маалымдаган.

Абакиров 29 жашта. Буга чейин Ош шаарындагы муниципалдык "Жапалак" автоунаа базарынын директору болуп иштеген. Бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Күрөш боюнча спорт чебери. Эрежесиз эр таймаш боюнча мелдештерге катышкан. 2020-жылы апрелде Ош шаардык кеңешине "Биримдик" партиясынан ат салышкан. Ал Юстиция министрлигинин базасында "Аттила" спорттук клубунун жетекчиси жана түзүүчүлөрүнүн бири катары көрсөтүлгөн.

30
Белгилер:
спорт, комитет, сабоо, милиция, иш
Тема боюнча
Бишкек: түнкү барда массалык мушташ болуп, төртөө кармалды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Душанбеде ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отуруму учурунда

Афганистанга жардам, коопсуздук, кызматташуу. Жапаровдун Душанбедеги сөзү

0
(жаңыланган 15:54 17.09.2021)
Жапаров Кыргызстандын учурда кыйын абалга туш болгон Афганистандын элине гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.

БИШКЕК, 17-сен. – Sputnik. Президент Садыр Жапаров Душанбеде (Тажикстан) ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумунда региондо коопсуздук алкагын калыптандырууга өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

Ал 20 жыл ичинде Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) конкреттүү натыйжа жана салмактуу ийгиликтерге жетишти деген пикирин билдирген.

"Жапаров биргелешкен аракеттердин аркасында ШКУ мейкиндигинде коопсуздук жана стабилдүүлүктү колдоо боюнча чоң иш жүрүп жатканын белгилеп, региондо коопсуздук алкагын калыптандырууга өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Афганистандагы акыркы кырдаалды эске алуу менен эл аралык экстремизм жана террорчулук күчтөрүнүн коркунуч жана чакырыктарына каршы күрөшүү маселелери өзгөчө мааниге ээ болгонун белгиледи", – деп айтылат маалыматта.

Душанбе шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук кеңешинин (ЖККУ) сессиясы
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Жапаров белгилегендей, башка мамлекеттердин ШКУга кошулууга умтулуусу уюм ишмердүүлүгү эл аралык аренада кеңири кызыгуу жараткандыгын айгинелейт. Алсак, ШКУ саммитинде Иранды жаңы мүчө катары кабыл алуу, ошондой эле Сауд Аравия Падышалыгына, Египет Араб Республикасына жана Катар мамлекетине ШКУ диалогу боюнча өнөктөш макамын берүү процедурасын баштоого старт берилди.

Президент сүйлөп жатып, кол салууга жол бербөө жана миграциялык процесстерди жөнгө салуу үчүн өз ара кызматташуунун стратегиясын иштеп чыгууну сунуштады.

"Аны менен бирге Кыргызстан эң эле көп жабыркаган афган калкынын да, регион жана эл аралык коомчулуктун кызыкчылыгында да Афганистанда аскердик чыр-чатактын токтошун, тынчтык, бейпилдик жана стабилдүүлүктүн орношун жактаарын айтты. Президент Кыргызстан Афганистандын элине гуманитардык жардам жөнөтүүгө даярдыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Жапаров санариптештирүүнүн глобалдашуу тенденциясынын, маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүүсү фонунда акыркы жылдары ШКУ мейкиндигинде кибертеррорчулуктун тобокелдик жана коркунучтары күчөгөнүнө катышуучулардын көңүлүн бурган.

Президент киберкоопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташууну жылдыруу максатында, ШКУга мүчө мамлекеттердин тармактык министрлик жана ведомство жетекчилеринин кеңешмеси түрүндөгү атайын механизмди негиздөөнү сунуштаган.

Жапаров ШКУнун өнүктүрүү банкын жана ШКУнун өнүктүрүү фондун түзүү боюнча консультацияларды улантууну сунуштаган. Бул институтту эсеп-кысапты улуттук валютада жүргүзүүгө өтүү боюнча механизми катары карап, натыйжалуу финансы механизмдерин киргизүү жардамында экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Аны менен бирге ал транспорттук инфраструктураны биргелешип өнүктүрүү соода мамилелерин активдештирүүгө жана көптөгөн социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет деген ишенимин билдирген.

"Пандемия шартында, ошондой эле кабыл алынган карантиндик чаралардан кийин автожүк ташуулар чектелүү болуп калды, андыктан эң ишенимдүү транспорттук жол бул — темир жолу. Кыргызстан "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жолунун курулушунун долбоорун тез арада ишке ашуусун көздөйт. Ал региондун транзиттик потенциалын толук кандуу ачууга маанилүү жана конкреттүү кадам болуп, деңиз портторуна чыгууга мүмкүндүк берет", — деп билдирген Жапаров.

Президент азык-түлүк коопсуздугу жана ШКУнун билим берүү жаатындагы кызматташуу маселелерин көтөрүп, туризм, жаштар жана спортту кошуп, маданий-гуманитардык өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеген.

0
Белгилер:
Кыргызстан, ШКУ, Садыр Жапаров, кеңешме, сунуш
Тема боюнча
Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн "Кохи Навруз" комплексине келди
Эмомали Рахмон Жапаровду "Улут сарайынан" тосуп алды. Сүрөт