Энелер күнү Бишкектеги бир катар мектептерде белгиленет

Жазылуу
Борбор калаанын билим берүү башкармалыгы Энелер күнүнүн урматына бир катар иш-чараларды өткөрөт.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Энелер күнүнүн урматына Бишкек шаарындагы №46 жана №93 мектептеринде Афганистан согушуна, Баткен окуяларына катышкандардын энелерин жана өнөр адамдарынын энелерин куттуктоо аземи өтөт. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-майда майрамдык иш-чара №46 мектепте өтсө, 16-майда №93 мектепте уюштурулат.

Андан сырткары, билим берүү мекемелеринде класстык сааттар жана Кыргызстандын ардактуу аялдарынын катышуусунда иш-чаралар өтөт.

Эки миңден ашуун апалар "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" орден-медалдар менен сыйланат
Энелер күнү президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2012-жылы жарыяланган. Бул майрам Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.

Энелер күнүн майрамдоонун башатын, кыязы, байыркы Грециянын жашоочулары Зевс кудайынын энеси Реяга арнаган жаз майрамынан издесе болот. 1600-жылдан тартып Англияда Энелик жекшембини майрамдоо салты пайда болгон. Эл аралык энелер күнүн Анна Жервис демилгелеп чыккан. Ал 1907-жылы дүйнөдөн эрте кайткан өз энесин эскерүү катары энелердин урматына майрам өткөрүүнү сунуштаган. 1910-жылы Виржиния штаты биринчи болуп Энелер күнүн расмий майрам катары тааныган. Ал эми 1912-жылы Энелер күнүнүн Эл аралык ассоциациясы түзүлгөн.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бул майрам түрдүү күндөрү белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0