Депутат: Балыкчы — Корумду жолунун токтоп калган курулушу элге зыян тийгизип жатат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат жолду курууга 500 миллион сом табылды делгени менен эмгиче бөлүнө элегин белгилейт.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Балыкчы — Корумду жолунун курулушу токтоп калгандыгынан Ысык-Көлдүн тургундары жабыр тартууда. Бул тууралуу депутат Узарбек Жылкыбаев Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер каралып жатканда айтты. 

Анын айтымында, Финансы министрлиги жолду курууга 500 миллион сом табылды деп айтканы менен азыркыга чейин бөлүнүп берилген эмес. 

"Жолдор кеңейтилет дегенден улам карапайым эл дүкөндөрүн, дарбазаларын талкалоого макул болуп уруксатын беришкен. Эми же жолдон жок, же дүкөндөрүнөн жок отурушат", — деп билдирет депутат. 

Мындан сырткары, Жылкыбаев жол курулат деген максатта айыл ичиндеги түнкү жарыктар да алып салынып, учурда көчөлөр капкараңгы болуп турганын билдирет.

"Туристтердин бардыгын жармаңке өткөрүп чакырып жатабыз, бирок аларды кабыл алганга жолдорубуз даяр эмес", — деп кошумчалайт Жылкыбаев. 

Депутат мындай кырдаалга эл түшүнүү менен мамиле жасап жатканына баа берсе болорун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0