Эшикти жаап жаткан абак кызматкери. Архив

Түлеев: түрмөдө "авторитет" болчумун

384
(жаңыланган 13:03 12.05.2016)
Бишкектин мурунку мэри 2,5 жыл бою №47 түзөтүү колониясында жаза өтөдү.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев маалымат жыйында №47 түзөтүү колониясында жаза өтөгөндөгү жашоосу тууралуу айтып берди.

"Мен абакта "авторитет" болчумун. Соттолгондорго юрист катары документтер боюнча кеп-кеңешимди айтып, материалдык жактан жардам берип келдим", — деди ал. 

Анын айтымында, колонияда адилетсиз жаза өтөп отурган мыкты кишилер көп болчу.

Бишкектин мурдагы башчысы 2013-жылдын 29-июлунда камакка алынып, 4 жылга чукул абакта жаза өтөдү.

Экс-мэр жана Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Түлеев 2012-жылы мэрлик кызматты аркалап турган учурунда коррупция боюнча шектелген. 2008-жылы Кытайдан жүргүнчү ташыган автобустарды сатып алууда жана 200 миллион сомдук муниципалдык облигацияларды чыгарууда мыйзамсыз аракеттерге барганы үчүн кылмыш иши козголгон. 2013-жылы Ленин райондук соту аны мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын декабрь айында Бишкек шаардык соту мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Бир жылдан кийин Жогорку соттун коллегиясы да эки соттун өкүмүн туура деп тапкан. 

Түлеев мамлекеттик казынага 60 миллион сом төлөп, 7-майда эркиндикке чыкты.

384
Белгилер:
абак, Нариман Түлеев
Тема:
Нариман Түлеевдин бошотулушу (9)
Тема боюнча
Түлеев: Нарымбаев акча алып жатканда кармалбаганына Кудай деп сүйүнсүн
Нариман Түлеев бюджетке 60 миллион сом кайтарган