Көчмөндөр оюндарына карата Ала-Тоо аянтына күн санай турган чоң саат орнотулат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Ала-Тоо аянты. Архив
Бишкектеги Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чоң саат Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 111 күн калганда Ала-Тоо аянтына коюлат.

БИШКЕК, 12-май –Sputnik. Көчмөндөр оюндарына карата Ала-Тоо аянтына күн санай турган улуттук колоритте жасалган чоң саат орнотулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын жетекчиси Нурдин Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, сааттын расмий ачылышы 15-майда кечки саат 20.00дө башталат.

"Бул датаны тандап алганыбыздын себеби 111 деген санды брендге айландырсак деген оюбуз бар. Мисалы, олимпиадалык оюндарга 1000 күн калганда убакыт санала баштайт. Эгер биз 15-майда саат 20.00дө саатты орнотсок, Көчмөндөр оюндарынын башталышына туура 111 күн калган болот", — деп билдирет Султанбаев. 

Ал саат эки беттүү болуп убакыт бир жагында кыргызча, экинчи жагында англисче жазыларын белгилейт. Ал эми анын бийиктиги 4 жана туурасы 3,5 метрден ашык болот.

"Сааттын дизайнын белгилүү художник-скульптор Алимжан Амантаев ойлоп тапкан. Анда кыргыздын оюм-чийимдери менен Көчмөндөр оюндарынын расмий үч түсү — сары, көгүш жана кызгылт өңдөр чагылдырылган", — деп билдирди катчылыктын өкүлү.

Бишкектиктер чоң сааттын "кыргызча" жаңырышын угушту
Султанбаев сааттын расмий ачылыш аземине чейин кечки саат 18.00дөн тартып аянтта көргөзмөлөр менен кыргыз эстрада ырчыларынын коштоосунда концерт уюштуруларын белгиледи.

"Аянтта салбурун, тогуз коргоол, таяк тартыш жана ордо оюндары боюнча каалоочуларга мастер- класстар дагы өткөрүлөт", — деди ал.

Анын айтымында, саат туурасынан караганда жааны, ал эми тигинен асманды көздөй учкан кушту элестетет.

Сааттын расмий ачылышына Бишкек шаарынын мэри жана өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0