Бишкекке айтылуу Наталья Аринбасарова келди

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанга РСФСРдин эмгек сиңирген артисти, СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Вольпи кубогунун ээси Наталья Аринбасарова
Кыргызстанга РСФСРдин эмгек сиңирген артисти, СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Вольпи кубогунун ээси Наталья Аринбасарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү актрисага дүйнөлүк кинематографияга сиңирген эмгеги үчүн "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгы ыйгарылат.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызстанга РСФСРдин эмгек сиңирген артисти, СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Вольпи кубогунун ээси Наталья Аринбасарова келди.

Аринбасарова — Алтынай менен Жамийла кайрадан кыргыз жеринде
"Биринчи мугалимде" — Алтынай, "Жамийлада — Жамийланын ролун ойноп, мындан тышкары көптөгөн образдарды жараткан белгилүү актрисага дүйнөлүк кинематографияга сиңирген эмгеги үчүн "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгы ыйгарылат. Аны менен кошо советтик жана өзбекстандык актёр Сейдулла Молдоханов келди. 

Ардактуу меймандарды "Манас" эл аралык аэропортунан маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекмамбетов, КР кинематографисттер союзунун төрагасы Таалай Кулмендеев салтанаттуу тосуп алышты. 

© Александр Федоров"Биринчи мугалимде" — Алтынай ролунда Наталья Аринбасарова.
Первому учителю — 50 лет или Почему Кончаловский снял обнаженку - Sputnik Кыргызстан
"Биринчи мугалимде" — Алтынай ролунда Наталья Аринбасарова.

"Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи эртең, 13-май күнү саат 18.00дө "Манас" кинотеатрында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0