Адалдан түгү жок, азармандан безерман. Фразеологизмдердин маанисин билесизби?

© Фото / Ишенбеков УланФилология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев. Архив
Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз тилиндеги миңдеген фразеологизм болгону менен алардын көпчүлүгү билбестиктен же заманга жараша актуалдуулугун жоготуп коюп жатат.

Мындан улам бул сапар "Тибиртке" рубрикасында фразеологизмдердин маанисин чечмелөөнү туура көрдүк. Буга Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев жардам берди. 

Адалдан түгү жок — кыргыздар бардык эле жандыкты жеген эмес. Мисалы, балыкты касиеттүү дешсе, эшек этин арам деп союшкан эмес. Мындан улам "адал", анан "арам" деген түшүнүк келип чыккан. Ал эми "адалдан түгү жок" деген — бул колунда бир дагы малы жок, жарды дегенди түшүндүрөт. 

Жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күрүлдөйт, каркылдайт, бытбылдыктайт — жаныбарлар кандай үн чыгарат?
Ак жалгасын — "ак" дегенде түстү гана эмес, касиеттүү деген маанини да түшүнсө болот. Кыргыздар "ак" деген сөзгө абдан чоң маани беришкен. Алар сүт азыктарын ыйык көрүп, эч качан жерге төккөн эмес. Эгер ирип кетсе сууга же суурдун ийинине төгүшкөн. "Ак" деп эң жогорку чындыкты түшүнүшкөн. Мындан улам ак үйдү — "кызыл үй", ак атты — "боз ат" деп тергешкен. Ал эми "ак жалгасын" деген — бардык жакшылыктарды тилөө же каалоо дегенди билдирет. 

Ажал айдоо — эгер адам барбай турган жерге кокусунан барып калып кырсыкка учураса "ажал айдап келген турбайбы" деп айтылат. 

Ажалды оозуна тиштеп жүрүү — өмүргө коркунуч жараткан жерлерде же согушта жүргөн адамдарды "ажалын оозуна тиштеп жүрөт" деп образдуу негизде айтса болот. 

Азармандан безерман болуу — күнөөсүн эзели мойнуна албаган адамдарга колдонулчу сөз. Мисалы "ал азармандан безерман болуп, жасаган ишин моюнга албай койду" деп адамдын кылган ишин танып жаткандыгын билдирсе болот. Мунун экинчи мааниси жаны тынбаган бөбөктөр менен кишилерге айтылат. Мисалы, "ал эртеден кечке азармандан безерман болуп жүрдү" деп айтууга болот. 

Адебин колуна берүү — бир ишти туура эмес жасап койгон адамдан өч алуу, ага жообун берүү, көргүлүктү көрсөтүү же катуу жазалоо дегенди түшүндүрөт. Мисалы, "анын адебин колуна бериш керек" десе ал адамды катуу жазалоо керек деген маанини түшүндүрөт. 

Кыргыз тил боюнча китеп окуп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ай Чүрөк, Базакечев, Асель — ката барбы?
Азуусун айга жанган — бийлиги колунда болуп каалаганын жасаган каардуу хандарга, аскер башчыларына, мансаптууларга карата айтылып келген. 

Айдарын тигүү — кайсы бир адам жаман көргөн таанышынын артынан түшүп ага каршы арыз жазып, жамандап жатса "айдарын тигип калыптыр" же "бул эмне эле айдарын тигип калган" деп коюшат. Бул бирөөгө атайылап жамандык кылуу дегенди түшүндүрөт. 

Ай дээр ажо, кой дээр кожо жок — кыргыздардын ар бир айылында эл сыйлаган адамы болгон. Ал адам уруш чыгып кеткен учурларда "ай-кой" деп анча-мынчасын тыйып, айрымдарын жараштырып турган. Мындан сырткары "эл эмне дейт" деген эң чоң тыюу этикасы болгон. Тагыраагы, адамдар "элден чыгып калбайын" деп коркушкан. Ал эми "эл эмне дебесе койсун, жесем болду, тойсом болду" деп өз өтүгүн төргө илип жүргөндөргө "ай дээр ажо, кой дээр кожосу жок да" деп айтылып калат. Бул баш көз боло турган адамы жок дегенди түшүндүрөт. 

Ак бата кызыл кан — ак батаны бузсам каным менен төлөйүн деген маанини билдирип, катуу ант болуп эсептелет. Бирок бүгүнкү күндө фразеологизмдеги "ак бата" деген сөз калып, "кан" деген сөзү колдонуудан чыгып калган. 

Филолог Ишенбек Султаналиевдин айтымында фразеологизмдердин көпчүлүгүн китептен окуп, жаттоо мүмкүн эмес. Себеби бул оозеки кепте капысынан айтылчу, колдонулчу курал.

Жаңылыктар түрмөгү
0