Атамбаев: табигый кырсыктардын алдын алуу — башкы максат

Жазылуу
Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмунун өкүлдөрү иш-чара жогорку даражада уюштурулганын белгилешти.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелери — мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири. Бул тууралуу Президент Алмазбек Атамбаев Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмунун Башкы катчысы Александр Кувшинов башында турган өкүлдөр менен жолугуп жатып билдирди. 

Жээнбеков: Кыргызстан үчүн Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмунун мааниси зор
Жолугушууда Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмунун Башкы катчысы Александр Кувшинов уюмдун жакында эле Бишкекте өткөн Аткаруу кеңешинин 49-сессиясынын жана Башкы Ассамблеясынын 22-сессиясынын жыйынтыктары тууралуу президентке маалымат берип, иш-чаралардын жогорку даражада уюштурулганын белгиледи.

Атамбаев уюмдун маанисин белгилеп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелери мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендигин айтты.

Жолугушууга өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов да катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0