Бишкектин эки көчөсүндө газ берүү убактылуу токтотулат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГаз түтүгү. Архив
Газ түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр от газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бишкектин эки көчөсүндө газ берүү эки күнгө токтотулары тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, газ 19-20-май аралыгында борбор калаанын Нарвская менен Профсоюз көчөлөрүндө өчүрүлөт. 

Ишкана көгүлтүр отту берүү газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу токтотулуп жатканын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0