Ош улуттук университетинин спорт аянтына шаймандар орнотулду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүСпортзал. Архив
Спортзал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк ишкерлеринин кызматташтык уюму тарабынан 150 миң долларлык инвестиция тартылып, анын алкагында спорттук шаймандар алып келинди.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ош улуттук университетине ачык асман алдындагы аянтчаларга спорттук шаймандар орнотулду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти. 

Билдирмеде айтылгандай, түрк ишкерлеринин кызматташтык уюму менен иш алып баруунун алкагында 150 миң долларлык инвестиция тартылган. Анын негизинде Түркиядан алып келинген заманбап спорттук шаймандар окуу жайдын беш жерине орнотулду. 

Аянтчалардын салтанаттуу ачылышы 13-май күнү болуп, ар бири пайдаланууга берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0