Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттиги окурмандарга Тайлак баатыр туурасындагы жети фактыны сунуштайт.
Кыргыздардын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн. Тайлак Рыскул уулу азыркы Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорунун чегинде, Куртка деп аталган аймакта туулуп-жашап өткөн кыргыз элинин баатырларынын бири. Аны болжол менен 1796-жылдары жарыкка келип,1838-жылдары каза болгон деп айтып келишет. XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири ѳкүлү.
Жыйырма жылдык милдет. Жыйырма жылга чукул аскердик жана баатырдык, башчылык турмушунда борбордук Тянь-Шанды жердеп турган кыргыздарды сырткы душмандардын басып алуусунан коргоп келген. Ал кездери ички ыйкы-тыйкы мамилелерден сырткары сырттагы коркунуч — Кокон хандыгы жана Цинь мамлекети бейпил турмуш менен эркиндикти колдон талашып турган.Кокон хандыгына жай бербеген Тайлак. Кокон хандыгы Тянь-Шань аймагындагы кыргыздарды кыңк дедирбей кармап туруу үчүн Ак-Талаанын Куртка өрөөнүнө сепил куруп, миңден ашык сарбаздын күчү менен элди эзип турган. Нарындыктар Кокондун эзүүсүнө каршы биринчи күрөшүн 1832-жылы Тайлак жана бир тууганы Атантайдын жетекчилиги менен жасайт. Бирок ал ийгиликсиз аяктайт. Тайлак кайрадан кол курап, Курткадагы сарбаздарга тынчтык бербей, эркин көнгөн эл ордого баш ийген эмес. Кокон хандыгынан Мадали хан жай бербеген Тайлакты туткундоо үчүн Арап башында турган аскер жиберип, чоң салгылаш Бычан жайлоосунда болгон. Кокондуктар 400дөн ашык сарбазынан ажырап, Тайлак баатыр белде кууп жетип, жекеме-жеке сайышта Арапты өлтүргөн. Ошондон бул күнгө чейин ал "Арап өлгөн жер" деп аталып калган.
7 миң аскердин "желин" чыгарган. Тайлак баатыр эр жүрөк кыраакы кол башчы катары өзүн көп кыйчалыш кырдаалдарда жогорку адамдык сапаттарга эгедер экендигин көрсөтө алган. 1825-жылы күз мезгилинде бейкут жаткан кыргыз айылдарына кыргын салган манжур-цын баскынчылардын Байан Бату генерал баштаган 7 миң аскерден турган кошуунунун мизин кайтарган. Ак-Талаанын Кароо капчыгайындагы бул салгылаш кыргыз жоокерлерине даңк алып келген. Бул туурасында тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиевдин жазганы бар. Бирок бир катар булактарда аскерлердин саны 500 деген маалыматтар да айтылып келет.
Жүрөктү өрттөгөн өлүм. 1838-жылы 42 жашында Кокон хандыгынын тыңчылары тарабынан жиберилген дервиш кейиптүү тыңчынын уусунан көз жумган. Баатыр жан таслим болгондон кийин Нарын өрөөнүндөгү тоолук кыргыздар кайрадан Кокон хандыгына баш ийүүгө аргасыз болгон.
Баатырдын изин изилдегендер. Тайлак баатыр тууралуу маалыматтарды алгач жазгыч акын Тоголок Молдо, Абдыкалык Чоробаев эл оозунан жыйнап калтырган. Кийинчирээк тарыхчы жана этнограф, кыргыз элинин чыныгы тарыхын жазуу үчүн көп эмгек кылган профессор Сабыр Аттокуров атайын эмгек жазган. Мындан тышкары, Жумалы Байдилдеев изилдеген. Ал эми жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев "Тайлак Баатыр" тарыхый чыгармасын жараткан.
Маалыматтардын бир катарлары интернеттеги ачык булактардан алынып, пайдаланылды.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева, ЖКнын КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.
Мамытов парламенттер аралык ассамблеянын отурумдарында Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгилеген.
"Төрага каза болгондордун сөөгүн Россиядан Кыргызстанга жеткирүүдөгү кыйынчылыктар, эки өлкө ортосундагы авиабилеттердин кымбаттыгы, "Мекен-карт" системасын киргизүү тууралуу суроолорго жооп берди. Ошондой эле Санкт-Петербургдагы Чыңгыз Айтматов атындагы эс алуу жайын өнүктүрүү, Башкы консулдук ачуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү жана билим берүү тармагын жакшыртуу сыяктуу маселелер көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу баарлашуу форматында уланып, катышуучулар мигранттардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча пикирлерин ортого салган.
Белгилей кетсек, Талант Мамытов Санкт-Петербугда өткөн КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясына катышты.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулганын China News басылмасына таянып Sputnik Өзбекстан кабарлады.
World's first traffic light for camels debuted at the scenic spot of Mingsha Mountain and Crescent Spring in China's Gansu on Sunday.
— China News 中国新闻网 (@Echinanews) April 12, 2021
When the traffic signal turns green, camels can cross the road, while tourists cross when the signal turns red, greatly ensuring traffic safety. pic.twitter.com/JZ7VkLDMQx
Маалыматка ылайык, жабдуу туристтер көп барган Дуньхуан шаарына орнотулган.
"Чет элдик саякатчылар Минша тоосуна, Могао чөлүндөгү храмдарга, Юмэнь жана Янгуань ашууларына көп барат. Бирок ал жакта төөлөр да арбын. Мындан улам эки жак бири-бирине тоскоолдук жаратпаш үчүн жол чырак коюлган", — деп жазылат билдирмеде.
Жергиликтүү бийлик белгилегендей, жол чырак кыймылдын коопсуздугун камсыз кылат жана дүйнөдө мындай жабдуулар азырынча жок.
Жол чыракта төөнүн сүрөтү жашыл болуп күйгөндө төөлөр өтөт, бул учурда туристтер токтоп турушу шарт. Төөнүн сүрөтү кызыл болгондо жаныбарлар токтоп, элди өткөрө турганы айтылды.