Бүгүнтөн баштап көчмөндөр оюнуна канча күн калганын санай турчу саат иштеп баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтындагы көчмөндөр оюнуна канча күн калганын санай турчу саат
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтындагы көчмөндөр оюнуна канча күн калганын санай турчу саат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну 111 күндөн кийин башталат.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында бүгүн саат 20.00дөн тарта көчмөндөр оюнуна канча күн калганын санай турчу саат иштеп баштайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгынан билдиришти.

"Сааттын дизайнын белгилүү художник-скульптор Алимжан Амантаев жасаган. Ал улуттук оймо-чиймелер менен кооздолуп, сары, көк жана кызыл түс менен боёлгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Көк бөрү оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарында чыныгы улак тартылат
Ал саат эки беттүү болуп убакыт бир жагында кыргызча, экинчи жагында англисче жазат. Ал эми анын бийиктиги 4 жана туурасы 3,5 метрден ашык болот.

Оюнга канча күн калганын санай турчу сааттын ачылыш салтанатында 120 темир комузчу өнөрүн тартуулайт. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ыктыярчылары ырчылар — Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков, Жийдеш, Аяна, Айыма, Гүлзада өз өнөрлөрүн тартуулайт.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 3-8-сентябрда өтөт. Анда улуттук спорттун 26 түрү боюнча мелдештер болот. 40тай мамлекеттен командалар келери күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0