Элчилик: Москванын Хован көрүстөнүндө болгон мушташка КР жарандары катышкан эмес

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМоскванын Хован көрүстөнүндө полиция кызматкерлери. Архив
Москванын Хован көрүстөнүндө полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 14-майында Москва шаарындагы Хован көрүстөнүндө массалык мушташ болгон. Чыр-чатакта өзбек жана тажик жарандары чечендер менен дагестандыктарга каршы мушташкан.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Москвадагы Хован көрүстөнүндө болгон массалык мушташка Кыргызстандын жарандары катышкан эмес. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилиги билдирди.

Жергиликтүү укук коргоо органдарынын берген маалыматына ылайык, мушташка 200 киши катышып, үч киши каза болгон. Жүздөн ашык киши полиция бөлүмүнө алып келинген. Тергөө комитети адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

"Элчилик тийиштүү иштерди жүргүздү. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын жарандары бул массалык мушташка катышкан эмес", — деп айтылат элчилик тараткан билдирүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 14-майында Москва шаарындагы Хован көрүстөнүндө массалык мушташ болгон. Чыр-чатакта өзбек жана тажик жарандары чечендер менен дагестандыктарга каршы мушташкан. Жаңжал аталган аймакка үстөмдүк кылуу укугун талашуудан келип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0