Депутат Өмүрбек Текебаев. Архив

Коркмазов менен Нарымбаевдин сотуна чакырылган Текебаев отурумга келген жок

92
(жаңыланган 13:43 17.05.2016)
Эл өкүлү депутаттык комиссиянын мүчөсү болгондуктан күбө катары суралмак.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бүгүн, 17-майда Бишкек шаардык сотунда Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча сот отурумуна күбө катары чакырылган депутат Өмүрбек Текебаев келген жок. 

Выступление во время судебного процесса по делу Данияра Нарымбаева и Хаджимурата Коркмазова. Архивное фото
© Sputnik / Исмаил Мамытов
Бишкек шаардык сотунда Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовдун иши

Эске сала кетсек, өткөн отурумда мамлекеттик айыптоочу күбө катары Текебаевди чакыруу сунушун киргизип, аны соттук коллегия колдоого алган.

"Депутат Текебаев шаардан чыгып кетиптир, качан келерин билбейбиз. Эки күн убакыт бериңиз", — деди прокурор.

Бул сунушту соттук коллегия колдоп, соттун кийинки отуруму 20-майга белгиленди.

Эскерте кетсек, Биринчи Май райондук соту президент администрациянын мурунку жетекчиси Данияр Нарынбаевди үч жылга, ал эми Хажимурат Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Аталган чечим боюнча айыпкерлер Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазган. Июль айынын ортосунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Коркмазовдун 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал акчаны экс-депутат Нариман Түлеевдин туугандарынан Жогорку сотто карала турган ишин оң жакка чечүүгө жардам берем деп алган. Башкы прокуратура Коркмазовдун 200 миң доллар талап кылганын маалымдаган. 

Экс-депутат акчаны президент аппаратынын жетекчиси Нарымбаевдин айтканы менен талап кылганы боюнча көрсөтмө берген. Июлдун аягында Нарымбаев да камакка алынган. Кармалгандар соттун чечими менен УКМКНын тергөө абагында кармалып келишкен.

Нариман Түлеевке эки ирет мунапыс колдонулуп, үcтүбүздөгү жылдын 7-май күнү абактан чыккан.

92
Белгилер:
Данияр Нарымбаев, Нариман Түлеев, сот
Тема:
Депутат Хаджимурат Коркмазовдун кармалышы (23)
Тема боюнча
Нарымбаев менен Коркмазовдун сотуна Текебаев менен Кыдыралиев чакырылмай болду
Түлеев: Нарымбаев акча алып жатканда кармалбаганына Кудай деп сүйүнсүн
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

45
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

45
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо

83
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК имаратынын ичинде суракта бир нече саат отуруп чыкты. Ал чыгып бара жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Акаев билген маалыматтарын бөлүшүүгө жана мекенине келүүгө уруксат бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле тергөө иштери менен өлкөдө бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты. Ал эртең дагы сурак берүү үчүн УКМКга келет.

Акаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолукканын белгилеп, ага ыраазычылык айтты.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата журтка, элибизге келип отурам. Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем. УКМК төрагасына ыраазычылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим ", — деди мурдагы президент.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.

83
Белгилер:
Аскар Акаев, кылмыш, Кумтөр, сурак, келүү
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!