Кийинки жылы ажылыкка баргысы келгендер өз үйүндө эле каттоодон өтө алат

© AFP / MOHAMMED AL-SHAIKHАжыдагы мусулмандар. Архив
Ажыдагы мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл онлайн каттоо киргизилгени менен аны жарандар өз алдынча пайдалана алган эмес.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кийинки жылы ажылыкка барууга ниеттенгендер өз үйүндө отуруп эле каттоодон өтө алат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Азирети муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов билдирди. 

Анын айтымында, бул демилге ажылыкка барууну каалагандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Быйыл алгачкы ирет ажылыкка барууну каалаган кыргызстандыктар онлайн каттоодон өтүшкөн. Бирок зыяратчы өз алдынча эмес, адистин жардамы менен гана каттала алган. 

"Быйыл ажылыкка барууну каалагандар онлайн каттоону адистин жардамы менен өтсө, кийинки жылы өз үйүндө отуруп эле каттала алат. Ал эми каттоо убактысына карап зыяратчынын кезеги такталат", — деди Эргешов. 

Эске сала кетсек, быйыл ажылыкка каттоо 20-майга чейин уланат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0