Амангелди Муралиевдин уулу мамлекеттик чыккынчылык үчүн 12 жылга кесилди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин атайын кызматтардын маалыматы боюнча ал "жашыруун" мөөр белгиси коюлган документтердин көчүрмөлөрүн чет өлкөлүк жарандарга берип жүргөн.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдун уулу Алтынбек Муралиев 12 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алганын Жогорку соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Алтынбек Муралиев 2014-жылы ноябрь айында КРдин Кылмыш жаза кодексинин "Чет өлкөлүк уюмдарга кызматтык жашыруун сыр жеткирүү максатында маалымат жыйноо же чогултуу" беренеси боюнча Улуттук коопсуздук комитети тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук соту мындай чечимди 17-майда чыгарган.

"КР Жазык кодексинин 292-беренеси "Мамлекеттик чыккынчылык" боюнча айыпталып 12 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү камакка алынды. Ал жазасын күчөтүлгөн режимде өтөйт", — дейт Токтошева.

Ал ошондой эле 10 күндүн ичине райсоттун өкүмүнө макул эмес тарап Бишкек шаардык сотуна кайрылууга укугу бар экенин кошумчалады.

Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, Муралиев "жашыруун" мөөр белгиси коюлган документтердин көчүрмөлөрүн чет өлкөлүк жарандарга берип жүргөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0