Оппозициянын дагы бир өкүлү эки айга камалды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийликти күч менен басып алууга даярдыктарды көргөн деген шек менен "Элдик парламенттин" дагы бир лидери кармалган болчу.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. "Элдик парламенттин" дагы бир өкүлү Г.А. аттуу жаран эки айга камакка алынганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Бийликти күч менен басып алууга даярдыктарды көргөн деген шек менен "Элдик парламенттин" лидерлеринин бири А.Г. аттуу жаран дүйшөмбү күнү кармалган.

"Кармоо учурунда ал курал жана жарылуучу зат колдоном деп коркутуп, тинтүү жүргүзүүгө жолтоо болгон. Аталган факты боюнча Башкы прокуратура Г.А. аттуу жаранга Кылмыш жаза кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук кылам деп коркутуу) жана 318-беренесинин 1-бөлүгү (тергөө иштерине жолтоо болуу) боюнча кылмыш иши козголду", — деп айтылат билдирүүдө.

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: "Элдик парламенттин" айрым мүчөлөрү митингге чыккыла деп жарандарга акча берген
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен айыпталган жаран эки айга камакка алынды.

Буга чейин да бийликти күч менен басып алууга даярдыктарды көргөн деген шек менен "Элдик парламенттин" үч лидери — Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов жана Торобай Колубаев кармалган. Аларды эки ай камакка алуу боюнча сот өкүм чыгарган. 

"Элдик парламенттин" мүчөсү Расул Умбеталиев кармалган А.Г. аттуу жаран Александр Гусев экенин журналисттерге билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0