Бишкектин башчысы "Дельфин" спорт жайынын оңдоо иштерине ыраазы болгон жок

© пресс-служба мэрии города БишкекОлимпиадалык резервдеги балдар жана өспүрүмдөрдүн атайылаштырылган "Дельфин" мектебинин бассейни
Олимпиадалык резервдеги балдар жана өспүрүмдөрдүн атайылаштырылган Дельфин мектебинин бассейни - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар башчысы сметалык долбоорду кайрадан бассейндин талаптарына ылайыктап жасап чыгуу зарылдыгын айтып, тиешелүү башкармалыкка тендер жарыялоону тапшырды.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкектин мэри Албек Ибраимов олимпиадалык резервдеги балдар жана өспүрүмдөрдүн атайылаштырылган "Дельфин" мектебинин оңдоп-түзөө иштерин көрүп чыкты. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин мэри Албек Ибраимов олимпиадалык резервдеги балдар жана өспүрүмдөрдүн атайылаштырылган "Дельфин" мектебинин оңдоп-түзөө иштерин көрүп чыкты
Бишкектин мэри Албек Ибраимов олимпиадалык резервдеги балдар жана өспүрүмдөрдүн атайылаштырылган Дельфин мектебинин оңдоп-түзөө иштерин көрүп чыкты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкектин мэри Албек Ибраимов олимпиадалык резервдеги балдар жана өспүрүмдөрдүн атайылаштырылган "Дельфин" мектебинин оңдоп-түзөө иштерин көрүп чыкты
© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекИбраимов оңдоп-түзөөдө имараттын сырткы көрүнүшүн кооздоого басым жасабастан, ички маанилүү жана негизги делген иштерге көңүл коюуну эскертти
Ибраимов оңдоп-түзөөдө имараттын сырткы көрүнүшүн кооздоого басым жасабастан, ички маанилүү жана негизги делген иштерге көңүл коюуну эскертти - Sputnik Кыргызстан
2/3
Ибраимов оңдоп-түзөөдө имараттын сырткы көрүнүшүн кооздоого басым жасабастан, ички маанилүү жана негизги делген иштерге көңүл коюуну эскертти
© пресс-служба мэрии города БишкекАл реконструкциялык иштерди жылдын аягына чейин бүтүрүү зарылдыгын белгиледи.
Ал реконструкциялык иштерди жылдын аягына чейин бүтүрүү зарылдыгын белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ал реконструкциялык иштерди жылдын аягына чейин бүтүрүү зарылдыгын белгиледи.
1/3
Бишкектин мэри Албек Ибраимов олимпиадалык резервдеги балдар жана өспүрүмдөрдүн атайылаштырылган "Дельфин" мектебинин оңдоп-түзөө иштерин көрүп чыкты
2/3
Ибраимов оңдоп-түзөөдө имараттын сырткы көрүнүшүн кооздоого басым жасабастан, ички маанилүү жана негизги делген иштерге көңүл коюуну эскертти
3/3
Ал реконструкциялык иштерди жылдын аягына чейин бүтүрүү зарылдыгын белгиледи.

Иштин жүрүшүнө ичи чыкпаган мэр буга чейин аталган жайда жасалган иштерге текшерүү жүргүзүп жана реконструкциялоо боюнча жаңы долбоорду иштеп чыгууну тапшырды.

Ибраимов оңдоп-түзөөдө имараттын сырткы көрүнүшүн кооздоого басым жасабастан,  маанилүү делген ички, негизги иштерге көңүл коюуну эскертти. Ал реконструкциялык иштерди жылдын аягына чейин бүтүрүү зарылдыгын белгиледи.

"Сметалык долбоорду кайрадан бассейндин талаптарына ылайыктап жасап чыгуу зарыл. Спорттук комплекс жалпы шаардыктарга тиешелүү жайга айланышы керек",— деди мэр.

Ибраимов мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгына имаратты реконструкциялоо боюнча тендер жарыялоону тапшырды. Анда Ибраимов тендерге жергиликтүү эле эмес, жаңы, заманбап технологияны колдоно турган чет элдик компаниялар да катыша тургандай шартты камсыздоону белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0