Баткенде бүтүрүүчүлөргө Акыркы коңгуроодо коопсуздукту сактоону түшүндүрүп жатышат

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүСабактагы окуучулар. Архив
Сабактагы окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында быйыл 92 миңге жакын окуучу 11-классты аяктайт.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Баткен облусунда акыркы коңгуроо салтанатын коопсуз түрдө, тартип бузбай өткөрүү туурасында бүтүрүүчүлөргө түшүндүрүү иш-чараларын укук коргоо кызматкерлери менен имамдар өткөрүп жатат. Бул туурасында Баткен облустук казыятынын маалымат кызматынан билдирди.

Мындай түшүндүрүү иштери Кадамжай районундагы Актурпак айылындагы мектепте өткөрүлдү. Анда Баткен райондук ИИБ башчысы Нурлан Бурканов, Баткен районунун баш имам хатиби Нурдин Мамасабиров коопсуздукту сактоо, ашыкча аракеттерди жасабоо, автоунааларды мыйзамсыз айдабоо туурасында түшүндүрдү.

Кыргыз тили китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуучулардын кыргыз тилди билүүсүн текшере турган сынамак тест ишке кирди
Алар буга чейин өлкөбүздө акыркы коңуроо учурунда ар кандай кылмыштар катталгандыгын эскертип, акыркы коңуроо кечесин тартип менен өткөрүүгө чакырды. 

Буга чейин Акыркы коңгуроо учурунда бүтүрүүчүлөрдүн автоунааларды мыйзамсыз башкарып, кырсыкка кабылган учурлары кездешкен.

Ала-Бука районунда 2015-жылы 22-июнда бүтүрүүчүлөр жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен үч киши каза болуп, айдоочуну кошкондо алты киши жабыркап, райондук ооруканага жеткирилген. Бир нече күндөн кийин оорукананын жандандыруу бөлүмүндөгү эки окуучунун бири да көз жумган.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында быйыл 92 миңге жакын окуучу 11-классты аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0