Райондор аралык сотто "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасынын иши каралууда

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтор алтын кени. Архив
Кумтор алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясы "Кумтөр" алтын кенин иштетүүдө жети миллиард сомдук мыйзам бузуулар болгонун аныктаган.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы райондор аралык сотунда "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төрт доо арыздын бирөөнүн негизинде сот иши өтүүдө. 

Бул туурасында Мамэкотехинспекциянын экологиялык башкармалыгынын жетекчиси Максат Өмүров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, түштөн кийин экинчи арыз каралат.

Буга чейин мамлекеттик мекеме "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасын сотко берген болчу.

"Экологиялык техникалык нормалардын бузулушу катталган. Анын ичинде негизги зыянды уулу заттар сакталчу жайга такталбаган таштандылардын жайгаштырылышы, суу ресурстарын тийиштүү төлөмү жок колдонуу, жерге зыян келтирүү түзгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик экотехинспекция "Кумтөр Оперейтинг Компани" компаниясынын ишин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Бишкектин райондор аралык сотуна төрт доо арыз берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0