Журналист: нарындык Роналдиньону эл 2003-жылдан бери эле билчү

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүФутбол ойноп жаткан балдар. Архив
Футбол ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футболдук топту тестиер бала ийкемдик менен бутунан бутуна өткөрө ойноп жаткан видео учурда кыргызстандыктар арасында кеңири талкууланып жаткан учур.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Нарындык Роналдиньо 2003-жылдан бери эле элге белгилүү болучу деп билдирди Sputnik Кыргызстан агенттигине "Замана" студиясынын журналисти Анара Бейшекеева.

Facebook социалдык тармагында футболдук топту тестиер бала ийкемдик менен бутунан бутуна өткөрө ойноп жаткан видео учурда кыргызстандыктар арасында кеңири талкууланып жаткан учур.

Бейшекеева ал кездери студия бул өнөрлүү бала туурасында сюжет тартууну пландашканын айтып берди. Анткен менен ошол мезгилдери социалдык тармактарды эл азыркыдай кеңири колдонбогондуктан, коомго тарап кете алган эмес.

"Анда бул видеоролик Siemens үлгүсүндөгү жөнөкөй эле чөнтөк телефонго тартылган. Ал чындыгында эле нарындык бала. Азыр болжол менен жыйырма жаштан ашып калса керек",— деди Бейшекеева.

Роналдиньо — легендарлуу бразилиялык футболчу. Ал атактуу "Барса", "ПСЖ" жана "Милан" футболдук клубдарында ойногон.

Жаңылыктар түрмөгү
0