Кылмыш иши папкасы. Архив

Снаряд жарылып, жоокер каза болгон окуя боюнча кылмыш иши козголду

58
(жаңыланган 17:00 20.05.2016)
Кырсык КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын "Эдельвейс" окуу борборунда болгон.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Балыкчадагы 20636 аскер бөлүгүндө снаряд жарылып, бир жоокер каза болгон окуя боюнча Балыкчы гарнизонундагы аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Иш Кылмыш кодексинин 316-беренесинин (адамдын өлүмүнө алып келген шалаакылык) жана 244-беренесинин (Куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды сактоо боюнча милдетти талаптагыдай аткарбоо) негизинде козголду.

Белгилей кетсек, 19-майда кечки саат сегиздер чамасында КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын "Эдельвейс" окуу борборунда келишимдик кызматынын катардагы жоокери ок-дарыларды колдонууда коопсуздук чараларын кескин бузуп, жанында турган снарядды көздөй таш ыргыткан. Андан улам снаряд иштеп, жарылып кеткен.

Жарадар болгон жоокер Балыкчы шаарынын ооруканасына жеткирилип, кечки саат тогуз жарымдарда каза болгон.

Эртең менен Башкы штабдын жетекчилиги бул факты боюнча кызматтык иликтөө башталгандыгын билдирген.

58
Белгилер:
өлүм, жоокер, кырсык, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы, Балыкчы
Тема боюнча
Балыкчыдагы аскер бөлүктө жарылган снаряддан бир жоокер каза болду
Пикирлер