Ошто дааватчылардын ишмердүүлүгү боюнча ай сайын отчет алынат

Жазылуу
Маселени тескөө үчүн облусттун жети районунда адистер бекитилди.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ош облусунда даават иштеринин жүрүшү боюнча ай сайын отчет алынат. Бул тууралуу Ош облустунун казыятына шилтеме берүү менен муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда облустун жети районунун башкы имам хатибдеринде даават иштерин көзөмөлдөө боюнча атайын адистер бекитилди.

Мечит мунарасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оштун Кара-Суу районунда жаңы мечит колдонууга берилди
Мындан сырткары муфтият тарабынан бекитилген дааваттын жобосуна жана КРдин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясына ылайык Ош облусунун мусулмандар казыяты тарабынан райондордогу даават иштеринин жүрүшү боюнча ай сайын 6 пункттан турган отчеттук-маалымат берүүнүн тартиби бекитилди.

Райондорго бир айдын ичинде башка аймактан келген, ошондой эле сыртка чыккан дааватчылардын ишмердүүлүгү, алардын муфтият жана казыят тарабынан берилген уруксат кагаздарынын аткарылуусу боюнча маалыматтар берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0